Чавушоглу Түркия-АКШ мамилелерине байланыштуу билдирүү жасады

Чавушоглу АКШнын жаңы администрациясына чакырык салды.

1563611
Чавушоглу Түркия-АКШ мамилелерине байланыштуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, коркутуулардын жана санкциялардын тилинин Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы мамиледе орду жок экендигин айтты.

Чавушоглу Дүйнөлүк Журналисттер Кеңешинин берүү органы Глобалдык медиа журналына жасаган билдирүүсүндө, Түркия менен АКШнын өз ара кызыкчылыктарга жана жалпы баалуулуктарга негизделген түптүү өнөктөштүккө ээ экенин белгиледи.

Чавушоглу, эгерде АКШ салттуу нейтралдуу позициясын карманса Чыгыш Жер Ортолук деңизи сыяктуу берки аймактык маселелерде да конструктивдүү ролду ойной ала тургандыгына көңүл бурду.

АКШнын Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) жана ЙПГ сыяктуу террордук уюмдарга колдоосу жана кызматташтыгы Түркиянын улуттук коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизерин белгилеген Чавушоглу, АКШнын жаңы администрациясын бул маселелер боюнча тезинен чара көрүүгө чакырды.

Мевлүт Чавушоглу: «Кандай болгон күндө дагы биз келишпестиктерди диалог жана дипломатия аркылуу чечишибиз керек деп эсептейбиз. Коркутуулардын жана санкциялардын тилине мындай маанилүү мамиледе орун жок»,-деди.

АКШ администрациясынын Түркияга каршы санкцияларын айыптаган Чавушоглу: «АКШнын кетип жаткан администрациясы (Дональд Трамп), биздин эки тараптуу мамилелерибизди жана аймактагы өз кызыкчылыктарын курмандыкка чалып ички саясий кызыкчылыктарга моюн сунууну тандашы өкүнүчтүү. Түркия бул чечимге каршы керектүү чараларды көрөт жана ылайыктуу деп эсептеген тартипте жана мөөнөттө жооп кайтарат. АКШнын бул олуттуу катаны тезинен оңдоосун күтөбүз жана үндөйбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар