Чавушоглу Байрамов менен жолугушту
Чавушоглу: «Тынчтыкты орнотууда азербайжандык боордошторубузга колдообуз уланат»
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту.
Чавушоглу кечээ Пакистандын борбор шаары Исламабадда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайшинин министрлердин урматына берген сый тамактан кийин кесиптеши Байрамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Байрамов менен жолугушуусун Твиттердеги аккаунтунан "БирУлутЭкиМамлекет" хэштеги менен бөлүшкөн Чавушоглу, кесиптеши менен Тоолуу Карабахка байланыштуу акыркы абалды талкуулагандарын айтты.
Чавушоглу билдирүүсүндө: «Тынчтыкты орнотууда азербайжандык боордошторубузга колдообуз уланат»,-деди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.