Түркиянын Түрксат 5А спутниги космоско учурулду

Түркиянын бешинчи муундагы спутниги Түрксат 5A, «Space X» компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен космоско жөнөтүлдү.

1559675
Түркиянын Түрксат 5А спутниги космоско учурулду
TÜRKSAT 5A 3.jpg
TÜRKSAT 5A 2-2.jpg

Түркиянын жаңы спутниги Түрксат 5A, Түркия убактысы боюнча саат 05:15те АКШнын Флорида штатындагы Канаверал Кейп базасынан ийгиликтүү учурулду.

Түркиянын бешинчи муундагы спутниги Түрксат 5A, «Space X» компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен космоско жөнөтүлдү.

Спутниктин учурулушу Түркия убактысы боюнча саат 4:28ге пландалган бирок аба ырайынын шарттерына байланыштуу саат 05:15те ишке ашырылды.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Түрксат аукционердик коомунун борбор шаар Анкарадагы Гөлбашы кампусунда өткөн жыйында спутниктин орбитасына карай жыла баштаганын белгилеп: «Түрксат 5A спутнигибизден 35 мүнөттөн кийин биринчи сигнал келди. Биздин спутник сапарын улантууда. Бул сапар 4 айга созулат. Андан кийин сыноолорубузду жүргүзөбүз жана спутник иштей баштайт»,-деди.

5А спутнигинен кийин 5Б жана 6А спутниктери учурула тургандыгын айткан Караисмаилоглу: «Учурда өндүрүшү аяктаган жана сыноодон өтүп жаткан Түрксат 5Б спутнигибизди июнь айында учурууну пландап жатабыз»,- деп билдирди.

Караисмаилоглу жергиликтүү жана улуттук Түрксат 6A боюнча иштердин да улантылып жаткандыгын, Түрксат 6Aнын 2022-жылдын биринчи айларында ишке киргизилиши пландалгандыгын айтты.

Караисмаилоглу бул өнүгүүлөрдөн кийин адамдарды космоско жөнөтүү аракеттеринин боло тургандыгына көңүл буруп, жаңы муундун бул темаларга абдан кызыгып жаткандыгын, жакынкы жылдары да булардын байкаларын айтты.

Түрксат 5A спутниги маневр кылуу мөөнөтү менен орбитадагы жыштык жана орбита укуктарын 30 жыл бою камсыз кылат.

Түрксат 5А, Түркия, Европа, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Борбордук Батыш Африка, Түштүк Африка, Жер Ортолук деңиз, Эгей деңизинде жана Кара деңизди камтыган аймакта 31 градус чыгыш орбитасы, телекөрсөтүү жана маалыматтык байланыш кызматтарын көрсөтөт.

Толугу менен электр кыймылдаткыч системасына ээ болгон Түрксат 5Анын 31 градус чыгыш орбитасында өз позициясына жетүү сапары болжол менен төрт айга созулуп, ушул жылдын экинчи чейрегинде кызмат кыла баштайт.



Тектеш кабарлар