Чавушоглу Түрк Кеңешинин башкы катчысы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жолгушуу тууралуу Твиттердеги эсебинен бөлүштү.

1555022
Чавушоглу Түрк Кеңешинин башкы катчысы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Министр Чавушоглу Твиттердеги аккаунтунда Түрк Кеңешинин Баш катчысы Багдад Амреев жана Кеңештин Баш катчысынын орун басары Өмер Кочаман менен "чын ыкластан жолугушуу өткөргөнүн" билдирди.

Чавушоглунун билдирүүсүндө, "Биз "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040, Түрк Кеңешинин Стратегиясы 2020-2025" долбоорун талкууладык. Кийинки расмий саммитке Түркия кожоюндук кылат. Колдообуз улана берет",-деди.

Түрк Кеңеши 2009-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кол койгон "Нахчыван" келишими менен түзүлгөн.

Баш кеңсеси Стамбулда жайгашкан Кеңеш, Түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүүдөн соодага чейинки көптөгөн тармактарда кызматташтыгын өнүктүрүүнү көздөйт.

 

 



Тектеш кабарлар