Ирандын Анкара элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Президент Р. Т. Эрдогандын мурунку күнү Азербайжандын борбор шаары Бакуда окуган ырдан улам Түркиянын Тегеран элчиси Өрстү чакырып,  катуу айыптоо билдирген.

1544147
Ирандын Анкара элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Ирандын Анкарадагы  элчиси Феразменд кечээ кечинде тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Элчи Феразмендге Ирандын тышкы иштер министри Зарифтин твиттердеги кабарына, андан кийин Түркиянын Тегерандагы элчиси Деря Өрстүн Иран тышкы иштер министрлигине чакырылышына, Түркияга жана Президент Эрдоганга карата айтылгандардын ортого чыгарылышына жана ушундайча Иранда Түркияга карата жек көрүү кампаниясынын ачылышына карлышык көрсөтүлгөндүгү билдирилди.

Булактар Феразмендге бул айтылгандардын баарынын четке кагылгандыгы, Иран тарабынан Түркия тууралуу тынчсызданууларын билдире турган каналдар туруп, Ирандын тышкы иштер министри Зариф тарабынан твиттер аркылуу айыптоо түрүндө Түркиянын бутага алынышынын кабыл алынгыс экендиги баса белгиленди.

Өзгөчө мындай кыймылдын Түркия менен Ирандын ортосундагы карым  - катнаштарды бузууну каалаган чөйрөлөргө кызмат кылары да баса белгиленди.

Ирандын тышкы иштер министрлиги Президент Р. Т. Эрдогандын мурунку күнү Азербайжандын борбор шаары Бакуда окуган ырдан улам Түркиянын Тегеран элчиси Өрстү чакырып,  катуу айыптоо билдирген.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф да твиттерден  берген маалыматта Президент Эрдоган окуган ырдын Ирандын жеринин бүтүндүгүн бутага алгандыгын айткан.



Тектеш кабарлар