Президент Эрдоган G20 лидерлеринин саммитине видео кайрылуу жөнөттү

Быйылкы G20 лидерлер саммити Ковид-19 пандемиясына байланыштуу виртуалдык чөйрөдө өткөрүлөт.

1531860
Президент Эрдоган G20 лидерлеринин саммитине видео кайрылуу жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын дүйнөдөгү ири экономикаларды бир чатырдын астына топтогон G20нын жоопкерчилигин жана маанисин арттырганына ишенгенин белгилеп: «Рияд саммитинде кабыл алына турган чечимдер пандемиянын терс таасирлерин азайтууда гана эмес, Чоң жыйырмалыкка байланыштуу күтүүлөрдү канааттандырууда да чечкиндүү болот»,- деди.

Президент Эрдоган G20 лидерлеринин саммитине видео кайрылуу жөнөттү.

Сауд Арабиянын төрагалыгында өтө турган саммиттин алдында Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө Эрдоган, быйылкы G20 лидерлер саммитинин Ковид-19 пандемиясына байланыштуу виртуалдык чөйрөдө уюштурулушу керектигин белгилеп: «Акыркы кылымдын эң орчундуу саламаттык сактоо кризиси деп мүнөздөлгөн бул пандемия экономикадан соодага чейин, билим берүүдөн адамдык мамилелерге чейин жашообузга терең таасир этүүдө. Пандемия бир эле учурда динге, тилге, аймакка, өңгө карабастан бардыгыбыздын чоң адамзат үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү экенибизди дагы бир жолу эске салды»,-деп айтты.

Режеп Таййип Эрдоган билдирүүсүндө, Түркиянын өз жарандарынын муктаждыктарын камсызоо менен бирге 156 өлкө жана 9 эл аралык уюмга колдоо көрсөтүп пандемияга каршы күрөшүү аракеттеринде дос жана бир туугандарынын жанында болгонун маалымдады. 

Президент: «Дүйнөлүк көйгөйдүн алдында, глобалдык тилектештиктин маанисин өтө жакшы түшүнүп турган мезгилде өткөрүлгөн G-20 лидерлеринин саммити өлкөлөрүбүз жана жалпы адамзат үчүн пайдалуу болот деп ишенем. Урматтуу бир тууганым Хадим'ул Харемейни Шарифейн король Салман бин Абдулазиз жетектеген Сауд Арабия макамдарына, ушул оор пандемиялык шарттарга карабастан кезектешкен төрагалык мезгилинде ийгиликтүү иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Жакшы калгыла»,-деген сөздөрдү айтты.



Тектеш кабарлар