Албайрак: «Дүйнө жүзү Түркияны суктануу менен карайт»

Берат Албайрак Кара деңиздеги жаратылыш газынын жалпы запасы 405 миллиард куб метр болгонун билдирди.

1510993
Албайрак: «Дүйнө жүзү Түркияны суктануу менен карайт»

Казына жана каржы министри Берат Албайрак, улуттук энергетикалык кадамдар өз жемишин берген сайын дүйнө жүзүнүн Түркияны суктануу менен карай турганын айтты.

Берат Албайрак Твиттердеги баракчасынан Кара деңиздеги Сакария аянтынын Дунай-1 аймагындагы жаратылыш газынын жалпы запасы 405 миллиард куб метр болгонун билдирди.

Министр Албайрак төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Раббим бизге насип кылды. Улуттук энергетикалык кадамдар өз жемишин берген сайын өлкөбүзгө багытталган пропагандалардан кантип бир-бирден кутулгандыгыбызды бүтүндөй дүйнө жүзү суктануу менен карайт», деди.

Түркия август айында Кара деңизде 320 миллиард куб метр жаратылыш газынын корун тапкан. Бүгүн табылгандыгы жарыяланган 85 миллиард куб метрдик резерв менен бирге жалпы запас 405 миллиард куб метрге жетти.



Тектеш кабарлар