Мустафа Варанк жергоиктүү дары үчүн күн белгиледи

Мустафа Варанк : «Ковид  - 19 Түркия платформасы өткөргөн «Түркиянын диагностика күчүнүн виртуалдык конференциясында» сөз сүйлөдү.

1416576
Мустафа Варанк жергоиктүү дары үчүн күн белгиледи

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жаңы тип коронавирусту алгачкы этапта аныктаган  жана дүйнөгө үлгү боло турган инновациялык шаймандын чыгарылгандыгын жана прототибинин июнь айында толугу менен бүткөрүлөрү күтүлүп жатканын айтты.

 Мустафа Варанк : «Ковид  - 19 Түркия платформасы өткөргөн «Түркиянын диагностика күчүнүн виртуалдык конференциясында» сөз сүйлөдү.

Вакцина жана дары чыгаруу тармагындагы эмгектерди вирус өлкө чектерине келгенден мурда башташкандарын эске салган министр Варанк : «Өлкөбүздүн белгилүү илимпоздору менен жолугуштук, жол картабызды  бириге сыздык. Бүгүн келген жерде 17 долбоорубуз ийгиликтүү улантылууда. Булардын ичинде 8 вакцина долбоорубуз бар, жылдын акырында клиникадан мурдагы процесстердин толукталышын күтүп жатабыз»,- деди.

Варанк дары  - дармек тармагында 9 долбоордун улантылып жатканын белгилеп : «Июнь айында бул долбоорлордун биринде жергиликтүү булактар менен синтездешкен дары тармагында маанилүү бир сүйүнчүбүз болот»,- деди.



Тектеш кабарлар