Британ министринен Түркияга ыраазычылык билдирилди

Түркия өткөн жумада Британияга 50 000 Н -95 бет кап, 100 000 хирургиялык бет кап жана 100 000 коргоочу кийимди камтыган 250 000 жеке коргонуу каражатарына жардам берген.

1399247
Британ министринен Түркияга ыраазычылык билдирилди

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде  өлкөсүнө жардам берген Түркияга ыракмат айтты.

НАТОнун коргоо министрлеринин видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн жыйынынан кийин Британиянын коргоо министрлигинен жазуу түрүндө маалымат берилди.

Маалыматта НАТО чатыры астындагы кызматташуу белгиленип, ушунун негизинде Түркиянын өткөн жумада Британияга 50 000 Н -95 бет кап, 100 000 хирургиялык бет кап жана 100 000 коргоочу кийимди камтыган 250 000 жеке коргонуу каражатарына жардам бергендиги эске салынды.   

Коргоо министри Бен Уоллес булар үчүн Түркияга жана өзгөчө Германиянын Британияга 60 дем алдыруу аппаратын жибергени үчүн  ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар