Айвалыкта качкындарды ташыган кеме чөгүп кетти
Кемеде 35 киши болгон.
1287366
Балыкесирдин Айвалык районуна караштуу Алтынова кыштагынын жээктеринде качкындарды ташыган кеме чөгүп кетти.
Аймакка Жээк коопсуздугу командирлигине карашту учак, 4 катер жана суучулдардан турган десант жөнөтүлдү.
Куткаруучу топтор сууга чөгүп кеткен кемедеги 35 чет элдиктен 33үн куткарып жээкке чыгарышты.
Бир бала каза тапкан окуяда дайынсыз болуп жаткан наристенин сөөгү издөө-куткаруу иштеринин негизинде табылды.