Түрк журналисттер делегациясы Пакистанда

Кашмирдеги текшерүү жеринде байкоо жүргүзө турган делегация Пакистан армиясынын медиа бөлүгү болгон Эл аралык коомчулук менен байланыштар дирекорлугу жана Түркиянын Исламабад элчилигинде жолугушууларды өткөрүштү.

1270981
Түрк журналисттер делегациясы Пакистанда

Пакистан өкмөтү тарабынан Кашмирдеги абалды байкоо жана пакистандык жетекчилер менен жолугушуу үчүн түрк журналисттерден турган делегация Пакистанга барды.

Кашмирдеги текшерүү жеринде байкоо жүргүзө турган делегация сапарынын биринчи күнүндө Пакистан армиясынын медиа бөлүгү болгон Эл аралык коомчулук менен байланыштар дирекорлугу жана Түркиянын Исламабад элчилигинде жолугушууларды өткөрүштү.

Эл аралык коомчулук менен байланыштар дирекорлугунда өткөрүлгөн жыйында армиянын катчысы Асыф Гафур журналисттерге Пакистан  - Индия чек арасындагы ок атышпоо эрежелерин бузуу, текшерүү жолундагы акыркы абал жана Индиянын текшерүүсү астындагы Жамму Кашмирде адам укуктарынын бузулгандыгы тууралуу маалымат берди.

Журналисттер делегациясы андан кийин элчи Ихсан Мустафа Юрдакул менен жолугушту. Юрдакул Түркия  - Пакистан карым  - катнаштары тууралуу маалымат берип журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сапардын негизинде Кашмирде жолугушууларды өткөрө турган делегация андан кийин Пакистандын президенти Ариф Алви тарабынан кабыл алынат. Делегация Исламабад жана Лахордогу жолугушуулардан кийин өлкөдөн кетет.



Тектеш кабарлар