Ливандын Анкарадагы элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Кечээ эрте менен саат 06:00 чамаларында 8 – 10  кишиден турган бир группа Түркиянын Бейруттагы элчилигинин канцеляриясынын каалгасына коркунучтуу сөздөр жазылган кездемени илген.

1264648
Ливандын Анкарадагы элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылды

Ливандын президенти Мишел Авн Осмон мамлекети тууралуу чыр  - чатактуу сөздөрүнөн кийин Түркиянын Бейрут элчилигине карата чагымчыл кыймылдарды кылды.  

Кечээ эрте менен саат 06:00 чамаларында 8 – 10  кишиден турган бир группа Түркиянын Бейруттагы элчилигинин канцеляриясынын каалгасына коркунучтуу сөздөр жазылган кездемени илген. Ушул  боюнча Ливандын Анкарадагы элчиси Гассан Муаллим тышкы иштер министрлигине чакырылып окуядан улам тынчсыздануулар билдирилди.

Муаллимге бул кишилердин канцеляриянын каалгасына чейин келиши барыдан мурда түрк элчилигинин коопсуздугу жактан санааркатуучу экендиги айтылды.

Өзгөчө Түркиянын Бейрут элчилиги башта болгон Ливандагы бардык түрк кызыкчылыктарынын коргоого алынышына карата коопсуздук чараларынын убакыт өткөрбөстөн  көрүлүшү талап кылынды.



Тектеш кабарлар