Түркия, Антарктидада убактылуу илимий базасын курду

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, бул тууралуу Болудагы билдирүүсүндө маалымат берди.

1152277
Түркия, Антарктидада убактылуу илимий базасын курду

Түркия, Антарктидада убактылуу илимий базасын курду.

 Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Болудагы билдирүүсүндө, «Биздин Антарктидага илимий база куруу боюнча долбоорубуз бар. Бул да урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын көрөгөч саясат түшүнүгү менен алдыга коюлган долбоор. Илимпоздорубуз 3-илимий сапарларын учурда Антарктидага жасап жатат»,-деди.

Антарктидадагы Түрк илимпоздорунан турган топтон сүрөттөр келгенин белгилеген Варанк: «Антарктидада убактылуу илимий базабызды курдук. Абдан сыймыктандырган картина бар. Байрагыбызды ал жерлерде желбиретүү, туубузду ал жерде көтөрүү биз үчүн сыймык болуп эсептелет. Айрыкча абдан машакаттуу процесс, илимпоздорубузга дагы ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кандай кыйналгандарын, борошого кандай кабылгандарын телефон аркылуу мага да түшүндүрүштү. Өлкөбүзгө пайдалуу болсун»,-деди.



Тектеш кабарлар