Президент Эрдоган Иранга кетти

Сирия тема болгон саммитке президент Эрдоган, Орусиянын президенти В. Путин менен Ирандын президенти Хасан Рухани катышат.

1044933
Президент Эрдоган Иранга кетти

Президент Р. Т. Эрдоган Сирия тууралуу үчтүк саммит үчүн Ирандын борбор шаары Тегеранга кетти.

Президент Р. Т. Эрдоган менчик учак «Жан» менен Сирия тууралуу Түркия  - Орусия -  Иран үчтүк саммитине катышуу үчүн Түркия убактысы боюнча саат 09:10до Иранга кетти.

Эрдоганды Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунан вице  - президент Фуат Октай, Анкара губернатору Эржан Топажа, Анкара гарнизон командири, армиянын генералы Али Сиври жана кээ бир тийиштүү жетекчилер узатышты.

Президент Эрдоган менен улуттук коргоо министри Хулуси Акар, казына жана каржы министри Берат Албайрак, президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахареттин Алтун да Иранга кетти.

Сирия тема болгон саммитке президент Эрдоган, Орусиянын президенти В. Путин менен Ирандын президенти Хасан Рухани катышат.



Тектеш кабарлар