ТИКА Сомалиде

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) ыктыярдуу студенттери, Сомалиде ооруканалардагы иштерге катышып бейтаптарга шыйпаа болушту.

1026968
ТИКА Сомалиде

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) ыктыярдуу студенттери, Сомалиде ооруканалардагы иштерге катышып бейтаптарга шыйпаа болушту.

«Тажрыйба алмашуу программасынын» алкагында Сомалиге барган жана көпчүлүгү саламаттык сактоо илимдери тармагында окуган студенттерден турган топ, Сомалидеги «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы ооруканасы жана Кейсаней ооруканасында иликтөөлөрдү жүргүзүп бейтаптарды текшерди.

Эң оболу «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы оорукананын башкаруучусу Мустафа Чопур тарабынан жасалган таанытууну уккан студенттер, андан соң оорукананы кыдырып комплекс туурасында кеңири маалымат алышты.

Тез жардам, терапия, урология,хирургия сыяктуу бөлүмдөрдө доктурлардын көзөмөлүндө бейтаптарды иликтеген студенттер, бейтаптарды дарылап, алардын кыйынчылыктарын укту.

Борбор шаар Могадишодогу 100 орундуу Кейсаней ооруканасына да барган студенттер, Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштетилген «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы оорукана жана Сомали мамлекети тарабынан иштетилген оорукананы кыдырып чыгуу мүмкүнчүлүгүн табышты.

Түркиядагы ар башка университеттерде билим алган окуучулардын, Африка, Азия,Балкан жана Жакынкы Чыгыш сыяктуу ТИКА иш алып барган аймактарда орун алган өлкөлөрдөгү жаштар менен таасирлешүүсүн жана эки тараптуу тажрыйба алмашуусун камтыган программа, студенттердин өлкөлөрдүн ортосунда достук көпүрөлөрүн куруусун максаттайт.

«2018-жылы тажрыйба алмашуу программасынын» алкагында 8-сентябрга дейре 30 өлкөгө бара турган орто эсеп менен 500 студент, бул өлкөлөрдө Түркия жана түрк жарандык коомдук уюмдардын иштерин ал жерде иликтеп 100 чакты долбоор жана иш-чараларга катышат.

ТИКАнын программасы аркылуу университеттердин студенттери Нигер, Албания, Босния-Герцеговина, Буркина Фасо, Алжир, Жибути, Чад, Марокко, Гана, Грузия, Камерун, Черногория, Казакстан, Кения,Колумбия,Ливан, Македония, Мозамбик, Намибия, Өзбекстан, Румыния, Сенегал, Сербия, Сомали, Судан, Танзания, Тунис, Иордания, Молдова жана Түштүк Африкага барат.



Тектеш кабарлар