Түрк куралдуу күчтөрү Идлибде экинчи күзөтүн баштады

Түркия жана АКШ, ЙПГ/ПККнын Сириянын түндүгүндө Евфрат дарыясынын батышында басып алган Манбижден чегиниши үчүн макулдашкан.

996126
Түрк куралдуу күчтөрү Идлибде экинчи күзөтүн баштады

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Манбиж районун жикчил террордук уюм ПККдан тазалоо иштеринин алкагында райондо экинчи күзөт ишин баштады.

Түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу ок өткөрбөс унаалар «Евфрат калканы» кыймылы жүргүзүлгөн аймактагы Жараблус району менен Манбиж фронт жолун бири биринен бөлгөн Сажу өзөнүнө жакын жерге чейин кирди.

Түрк куралдуу күчтөрү менен бирдей убакта АКШ күчтөрү да базалары орун алган Дадат районунун маңдайында күзөт иштерин аткарышууда.

Биринчи күзөткө туруу 18 -  июнда ишке ашты.

Түркия жана АКШ, ЙПГ/ПККнын Сириянын түндүгүндө Евфрат дарыясынын батышында басып алган Манбижден чегиниши үчүн макулдашкан.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жана америкалык кесиптеши Майк Помпео 4 -  июндагы жолугушуусунда  райондо коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлүшүн да камтый турган бир жол картасын бекиткен.

План түрк жана Америка тараптарынын аскердик жана чалгындоо элементтери менен райондо орток текшерүүнүн башталышын да күтүүдө.

Макулдашуу айрыкча Манбижде  террористтердин чыгышынан кийин райондун жергиликтүү элементтерден бир башкаруунун курулушун камтууда.

ЙПГ/ПКК Халеп облусуна караштуу Манбиж районун 2016 -  жылы август айында АКШнын колдоосу менен ДАИШ террордук уюмунан алып басып алган.

Манбиж калкынын 90 пайызынан көбүн араптар түзөт.



Тектеш кабарлар