Антарктидага Түркиянын Илимий борбору курулат

Президент Режеп Таййип Эрдоган,социалдык бөлүшүү барагы Твиттерден Антарктидага курула турган Илимий борбор тууралуу маалыматты бөлүштү.

993817
Антарктидага Түркиянын Илимий борбору курулат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2019-жылы Антарктидага Илимий борбор кура тургандарын жарыялады.

Эрдоган, социалдык бөлүшүү барагы Твиттерден Антарктидага курула турган Илимий борбор тууралуу маалыматты бөлүштү.

«2019-жылы Антарктидага Илимий борбор курабыз. Илимий борбор аркылуу Түркия, Антарктидада сөз ээси 30 өлкөдөн бири болот. Убакыт глобалдык көз караштын убагы. Убакыт Түркиянын убагы»,деп жазган Эрдоган,бөлүшүүсүндө долбоор тууралуу маалыматтарды камтыган көрүнүшкө да орун берди.

«Антарктида Илимий борбору» темасы менен даярдалган видеодо, Улуттук уюл илимий программасы ишке ашырыла баштаганын, Антарктидага 40 илимпоз менен эки ирет сапар уюштурулганы, Антарктида келишиминин (Мадрид келишими) Түркия Улуттук Улуу Жыйынында (ТУУЖ) бекитилгени, Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө мекемесинин Уюл чакыруусунун ачылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар