Сенегал Түркиядан жардам күтүүдө

Батыштыктардын кул сатуу издери болгон Гори аралы Түркиядан жардам күтүүдө.

926799
Сенегал Түркиядан жардам күтүүдө

 Сенегалдын борбор шаары Дакар жакындарында  жайгашкан, ар бир бурчунда батыштыктардын кул сатуу издери болгон Гори аралы Түркиядан жардам күтүүдө.

Өлкөнүн эң эски курулуштарынан болгон, 1822  - жылы курулган жана аралдагы мусулмандардын бир гана ыбадат жери Гори мечити аралдын Дакарга караган жээк бөлүгүндө жайгашкан. Аралдын тургундары элдин ыбадатына жетиштүү болбогон бул тарыхый курулуштун түрк архитектурасы менен чоңойтулушун, аралдагы символдук курулуштардын арасынан орун алышын Түркиядан талап кылууда. Түркиянын Дакардагы элчиси Нихат Живанер берген маалыматында аралдын тургундарынын талабы боюнча маселени ордунда тактоо үчүн аймакка баргандыгын билдирди.

Живанер Түркия жыл сайын аралда жардам иштерин аткарган бир гана өлкө болгондуктан элдин : «Бизге бир гана Түркия жардам берет»,- деген үмүттө экендигин айтты.

Гори калкы мечиттин жамааттын намаз окушу үчүн тар экендигин жана чоңойтуу үчүн элчиликтен катуу талап кылынгандыгын белгилеген Живанер : «Түркия эч качан Африка адамдарынын каалоосун четке каккан эмес»,- деди. Живанер батыштык өлкөлөр тарабынан жасалган кул базарынан улам тарыхта көптөгөн кыйынчылыктарга күбөө болгон Гори аралынын жана ал кыйынчылыктарды бүгүн жүрөгүндө сактаган гориликтердин кайгысын басаңдатуу үчүн Түркиянын бул мечитти оңдотуп, чоңойтуу үчүн колунан келген аракетти көрсөтөрүнө ишенгендигин баса белгиледи.

Гори аралынын ЮНЕСКО тарабынан кечээ мурас тизмесине алынгандыгын айткан Живанер арал тарыхый жер болгондуктан көп сандаган зыяратчынын келгендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар