Биз Хариринин Ливанга кайтуусун чыдамсыздык менен күтүүдөбүз

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ливандын тышкы иштер жана иммиграция боюнча министри Гебран Бассил менен Тышкы иштер министрлигинин имаратында жолугуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

849349
Биз Хариринин Ливанга кайтуусун чыдамсыздык менен күтүүдөбүз

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ливандын ырааттуулугун коркунучка сала турган ар түрдүү абалдарга Түркия каршы болгонун айтты.

Чавушоглу Ливандын тышкы иштер жана иммиграция боюнча министри Гебран Бассил менен Тышкы иштер министрлигинин имаратында жолугуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Чавушоглу, Бассил менен өз ара жана эки өлкөнү түздөн түз  кызыктырган аймактык  абалдарды талкуулагандарын белгиледи.

Ливандын премьер-министри Саад Хариринин кызматын таштоосу жана андан кийинки процесске да баа берүү мүмкүнчүлүктөрүн тапкандарын айткан Чавушоглу, Бассилдин бул темада жүргүзгөн дипломатиялык алакалары туурасында да маалымат алгандарын түшүндүрдү.

«Биз Ливандын биримдигин, ынтымагын, ырааттуулугун колдойбуз жана Ливандын ырааттуулугун коркунучка сала турган ар түрдүү абалдарга каршы турабыз. Бул маселенин да оңойлук менен чечилишин жактайбыз»,-деген Чавушоглу, Хариринин Ливанга кайта турганы жөнүндөгү билдирүүнү да ыраазы болуп уккандарын баса белгиледи.

Чавушоглу: «Бул маселенин Хариринин Ливанга кайткандан кийин керек болсо президент, керек болсо берки саясий актерлор жана өз партиясы менен сүйлөшүп, эч кимдин кысымы болбостон акыл-эстүүлүк менен туура чечимди чыгара тургандарына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.

Ливандын президенти Мишел Авндан баштап ливандык жооптуу кызматкерлердин көрсөткөн мамилесин мактоого арзырлык деп кабыл алгандарын баса белгилеген Чавушоглу, эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүш үчүн тыгыз аракет кылгандарын билдирди.

Чавушоглу, Ливанда орун алган БУУнун тынчтык күчүнө мындан ары да Түркиянын салым кошуусу улана турганын белгилеп кетти.

Ливандын өткөндө көп азап тартканын жана Сириядагы абалдан улам көп сандаган баш калкалоочуну өлкөсүнө киргизгенин эске салган Чавушоглу, мунун Ливан үчүн канчалык оор жүк болгонун эң жакшы Түркиянын түшүнгөнүн айтты.

Чавушоглу: «Ошондуктан Ливандын башка маселерге муктаждыгы жок. Тескерисинче болуп жаткан маселелердин чечилишине бардыгыбыз чогуу салым кошушубуз керек. Учурда Түркиянын мамилеси абдан так жана ачык»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынганын жана министр Чавушоглу менен жолукканы үчүн ыраазы болгонун айткан Бассил болсо өлкөсүндөгү абалдарды түрк достору менен кеңешип сүйлөшкөнүн айтты.

Бассил: «Кааларыбыз, премьер-министр Хариринин тез арада өлкөгө кайтышы жана бул теманын чечилиши. Биз ушул убакка дейре демибизди кармап келдик жана сабырдуулук менен күтүүдөбүз, анткени башка окуялардын чыгып кетишин каалабайбыз. Тез арада урматтуу Хариринин өлкөгө келип эркин түрдө чечим чыгаруусун күтүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар