Түркия жетекчилиги Лас-Вегастагы окуяга көңүл айтты

Түркиянын Лос Анжелестеги Башкы консулдугу каза болгон же жаралуулардын арасында түрк жараны болуп болбогонун жергиликтүү коопсуздук органдары жана ооруканалар багытында изилдеп жатат.

818775
Түркия жетекчилиги Лас-Вегастагы окуяга көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын Лас-Вегас шаарындагы музыка фестивалына болгон куралдуу кол салууну айыптаганын билдирди.

Эрдоган, кол салуу тууралуу социалдык медиа эсеби Твиттерден бөлүшүүсүндө, «АКШнын Лас-Вегас шаарында болгон террордук кол салууларды катуу айыптаймын. Мындай түрдөгү окуялардын экинчи болбоосун тилеп, кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнөн баштап бүтүндөй АКШ калкына түрк улутунун атынан көңүл айтамын»,-деди.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг да АКШнын Лас-Вегас шаарындагы музыка фестивалында болгон куралдуу кол салууну жек көрүү менен катуу айыптагандарын белгилеп өттү.

Боздаг, Твиттер эсебинен Лас-Вегастагы куралдуу кол салуу тууралуу өз бөлүшүүсүн жасады.

Боздаг: «Лас-Вегаста музыка фестивалына катышкандарга карай кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, АКШ калкына, АКШга көңүл айтабыз. Жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Бул коркунучтуу кол салууну катуу айыптайбыз. АКШ калкынын үй-бүлөлөрүнүн кайгыларын тең бөлүшөбүз. Түркия ар түрдүү зомбулукка, кол салууга жана террорго каршы. АКШ менен катар дүйнөдөгү эч бир жерде мындай окуянын болбошун каалайбыз»,-деп жазды.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында кол салууга катуу кайгырганы билдирилди.

Түркиянын бул окуяга байланыштуу абалдарды байкап жатканы баса белгиленген билдирүүдө, «Каза болгон жана жаралуулардын арасында атуулдарыбыздын болуп болбогону Лос Анжелестеги Башкы консулдугубуз тарабынан жергиликтүү коопсуздук органдары жана ооруканалар багытында изилденүүдө»,деп айтылды.

Анда, «Бул мыкаачылык кол салууну айыптап, АКШ калкынын кайгысын тең бөлүшөбүз. Кол салууда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Бул мыкаачылык кол салууга каршы АКШ менен кызматташууга даяр экенибиди дагы бир жолу кайталайбыз»,делди.

Лас-Вегас полициясы Мандалай Бай отелинин 32-кабатынан ачык асман астындагы концертке катышкандардын үстүнө ок жаадырылышынын натыйжасында кеминде 50 кишинин каза болгонун, 200дөн ашууну жаракат алганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар