Бодрумда круиздик туризм
Келген туристтердин көпчүлүгү германиялыктар
779503
Мугланын Бодрум районун «Mein Schiff 2» аттуу круиздик кеме менен 2 миң 165 турист кыдырды.
Пашатарласы жергесиндеги портко токтогон Мальта желектүү узундугу 265 метр болгон кеме, бул сезондо аймакка алтынчы жолу келди.
Грециянын Миконос аралынан келген круиздик кемеде көпчүлүгү немис 2 миң 165 жүргүнчү менен 820 кызматкер бар.
Круиздик кеме быйылкы сезондо районго жалпы 12 жолу сапар жасайт.