39 - ТРТ Эл аралык 23 - Апрель Балдар майрамы башталды

Невшехирде «Балдар келечегибиз» деген темада жана 26 өлкөдөн келген балдардын катышуусу менен өткөрүлүп жаткан 39 -  ТРТ Эл аралык 23-  Апрель Балдар майрамынын негизинде жүрүш болду.

716708
39 -  ТРТ Эл аралык 23 -  Апрель  Балдар майрамы башталды

Невшехир губернатору  Акташ жана муниципалитет төрагасы Үнвер Түркия телекөрсөтүү жана радио мекемеси ТРТнын бул жылы «Балдар келечегибиз» деген темада өткөргөн майрамынын негизинде дүйнө балдарын кабыл алды.

Невшехирде «Балдар келечегибиз» деген темада жана 26 өлкөдөн келген балдардын катышуусу менен өткөрүлүп жаткан 39 -  ТРТ Эл аралык 23-  Апрель Балдар майрамынын негизинде жүрүш болду.

Борса кесилишинде чогулган жергиликтүү жана чет элдик жүздөгөн бала улуттук кийимдери менен жана колдорунда өлкөлөрүнүн байрактары менен жүрүшкө чыгышты.

Мехтер тобунун маршынын коштоосунда башталган жүрүш «Дирилиш» аянтына чейин барды. Өлкөлөрүнөн алып келген белектерди Акташ жана Үнверге берген балдарга  аймакка таандык белектер берилди.

Түркия республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн, Түркия Улуттук Парламентинин ачылышы менен бирге түрк балдарына белек кылган «23 -  Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы» 39 жылдан бери ТРТнын жетекчилигинде «ТРТ эл аралык 23 -  Апрель Балдар майрамы» деген ат менен эл аралык деңгээлде өткөрүлүүдө. Бул майрам балдардын арасында бир туугандык, сүйүү жана достук байланыштары өнүктүрүлүп, тынчтык ичинде жашай турган дүйнөнүн пайда болушуна салым кошуу максатында өткөрүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар