Түркияда саясий тарых музей салты калыптана баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым, 11-президент Абдуллах Гүлдүн атынан Кайсериде Абдуллах Гүл университетинин кампусундагы музей жана китепкананын ачылыш аземине катышты.

623423
Түркияда саясий тарых музей салты калыптана баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 15-июль төңкөрүш аракетинин демократиялык жүрүштүн жолун торогонго аракет кылгандардын акыркы кадамы болгонун баса белгилеп: «Ичкериден жана тышкарыдан ташталган кадамдар менен жолубузду торогонго аракет кылгандар, улутубуздун Акыйкаттыкка жүрүшү менен ишке ашыра алышкан жок. Каалашыңарча танкаларга, замбиректерге, F-16ларга ээ болгула, бирок билип койгула бир улуттун ишеничине каршы эч нерсени ортого сала албайсыңар, бул улут 16 саатта төңкөрүштү өз пайдасына  бура алды. Бардык шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болушун, ардагерлерибиздин тез сакайып кетишин тилеймин»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым, 11-президент Абдуллах Гүлдүн атынан Кайсериде Абдуллах Гүл университетинин кампусундагы музей жана китепкананын ачылыш аземине катышты.

Эрдоган бул жердеги сөзүндө саясий тарых музей салтынын акырындык менен түзүлө баштаганын белгилеп, Абдуллах Гүл музейинин Түркиянын кайдан кайда келгенин көрсөтүшү жагынан маанисине токтолду.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да: «Президенттик Абдуллах Гүл музейи жана китепканасынын» ачылыш аземинде музейде 1950-2014-жылдар аралыгындагы Түркиянын саясий тарыхы эң сонун түшүндүрүлгөнүн белгилеп: «Биз өткөнүнөн дем күч алган улутпуз. Жаштарыбызга, келечек муундарыбызга, өткөндө болгон кайгылуу окуяларды, жакшы окуяларды эске салуу,  келечегибизди дагы бекем куруу үчүн ушул жана ушуга окшогон чыгармаларга дагы көп муктаждыгыбыз бар»,-деп айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырымдан кийин трибунага чыккан Абдуллах Гүл, ачылышка катышкандарга жана өзү баштаган долбоорду бүтүрүүгө аракет кыланы үчүн  президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылыгын билдирип, «Түркия дүйнөнүн эң ылдам өсүп бараткан экономикаларынан бирине айланды. Чыгыш менен батыштын ортосундагы карым-катнатарыбызды өнүктүрдүк. Менин атыман коюлган музей болгону менен катар бул жер саясий тарых музейи болуп саналат. Кыдыргандар Түркия тарыхын да көрүшөт»,-деди.



Тектеш кабарлар