Чоң жыйырмалык мүмкүнчүлүктөрүн жакырчылыктын азайтылышы боюнча иштерге багытташы керек

Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарына барган президент Эрдоган Кытай телеканалында сөз сүйлөдү.

564379
Чоң жыйырмалык мүмкүнчүлүктөрүн  жакырчылыктын азайтылышы боюнча иштерге багытташы керек
cumhurbaşkanı çin tv1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чоң жыйырмалык (G20) мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөдө жумушсуздук жана жакырчылыктын азайтылышы темасына багытташы керектигин айтты.

Дүйнөнүн эң чоң 20 экономикасын түзгөн өлкөлөрдөн турган Чоң жыйырмалыктын саммити үчүн Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарына барган президент Эрдоган Кытай телеканалына маек куруп берди.

Түркиянын өткөн жылдагы жыйналышта Чоң жыйырмалыктын кезектешкен башкаруучулугун Кытайга өткөрүп бергенин эске салган президент Эрдоган, Антальяда өткөн мурдагы Чоң жыйырмалыктын жыйынынын абдан ийгиликтүү өткөнүн, Кытайдын жетекчилигинде боло турган жыйналыштын да уюмдун өнүгүшүнө салым кошо турганын ойлогонун айтты.

Президент Эрдоган Чоң жыйырмалыкка мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан жыйналыштын күн тартибине токтолду.

Түркиянын маани берген эки темасына көңүл бурган Президент, аял жана жаштардын жумуш менен камсыздалышы менен глобалдык коркунуч туудурган көчмөн кризисинин жана террордун сүйлөшүү үстөлүнө келе турган темалардын арасында экенин сөз кылды.

Жыйналыштын негизги беренелеринен биринин да камтуучулук боло турганын баса белгилеген президент Эрдоган, Кытай экономикасынын чоң бир экономика жана ылдам өсүүсүн улантканын бирок, мунун дагы камтуучу болушу керектигин, ушундайча элине дагы гүлдөгөн келечек камсыздап берээрин белгилеп кетти.

Эрдоган Кытайдын глобалдык экономиканы башкаруусундагы ролуна да токтолду.

Кытайдын 3 триллион 300 миллиард доллар валюта резерви, 3 триллион 200 миллиард доллар соода көлөмү, 5 миллиард доллардык соода ашыкчасы бар экенине көңүл бурган Эрдоган, бул сандардын бир өлкөнүн экономикасы үчүн күтүлбөгөн мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Президент Эрдоган Кытайдын АКШдан кийин дүйнөнүн 2-чоң экономикалысына ээ болгонун, информатика технологиясы жана инфраструктура инвестициялары менен да келечекте чоң иштерди мелжеп турганына көңүл бурду.

Чоң жыйырмалыктан күтүүлөрүнө да токтолгон президент Эрдоган: «Чоң жыйырмалыктын мүмкүнчүлүктөрүн жумушсуздук жана жакырчылыктын азайтылышы боюнча иштерге багытташы керектигин ойлоодомун. Ушундайча экономикасы дагы жакшы абалга келет жана дагы гүлдөгөн болот»,-деди.



Тектеш кабарлар