Бинали Йылдырым - Артур Расизаде жолугушуусу

Йылдырым : «Батыштын тарыхында канчалаган адамзаттык трагедиялар бар, баарынын эсеби сурала турган болсо эч жерге батпайт»,- деди

503812
Бинали Йылдырым - Артур Расизаде жолугушуусу

Премьер –министр Бинали Йылдырым Түркиянын тарыхында башын жерге сала турган эч нерсенин жок экендигин белгиледи. Йылдырым : «Батыштын тарыхында канчалаган адамзаттык трагедиялар бар, баарынын эсеби сурала турган болсо эч жерге батпайт»,- деди.

Кечээ Азербайжанга расмий сапар менен барган премьер – министр Бинали Йылдырым жолугушууларынын негизинде кесиптеши Артур Расизаде менен жолугушту. Йылдырым жекеме - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия менен Азербайжан бетме – бет келген кээ бир маселелерди кенен карап чыгышкандарын айтты.

100 жыл мурда болуп же болбогону белгилүү болбогон, тарыхчылар да келише албаган, эл аралык укук соттору да чечим чыгара албаган темада Германия федералдык парламентинин Түркияны күнөөлөгөн чечим чыгарганын эске салган Йылдырым бул чечимдин Түркия үчүн эч бир  өкүмү жок экендигин баса белгиледи.

Азербайжандын премьер – министри Расизаде да Германия парламентинин армян ойлоруна байланыштуу чечим тууралуу өздөрүн демократ деп атагандардын адилетсиз чечим чыгаргандыгын айтты. Расизаде 100 жыл мурун болгону айтылган окуяларды күн тартибине алып келгендердин 20 жыл мурун армяндар тарабынан азербайжандыктарга жасалгандарга унчукпастан калгандыгын эске салды.



Тектеш кабарлар