Мардин менен Шырнакта 4 аскер менен 1 полиция шейит болуп, 2 аскер менен 6 полиция жараланды
Жаралуулар тез жардамдар менен Шырнак аскердик ооруканасы жана Шырнак мамлекеттик ооруканасына алып барылды
471906
- Мардин жана Шырнакта ПКК террористтери тарабынан жасалган кол салууда 4 аскер менен 1 полиция шейит болуп, 2 аскер менен 6 полиция жараланды.
- Мардиндин Савур районунда аскердик унаа өтүп бара жатканда жолго жайгаштырылган жарылуучу заттын жардырылуусу менен 4 аскер шейит болуп, 2 аскер жараланды.
- Коопсуздук күчтөрү аймакта кенен түрдө операция баштады. Шырнакта да ПКК террористтерине карата жүргүзүлгөн операцияда 1 полиция шейит болуп, 6 полиция жараланды. Жаралуулар тез жардамдар менен Шырнак аскердик ооруканасы жана Шырнак мамлекеттик ооруканасына алып барылды.