Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 50

«Казакстанда ТҮРКСОЙдун туруктуу кеңешинин 35 -  мезгилдик жыйыны».

869709
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 50

Сүйүктүү окурмандар, түрк дүйнөсүндө  болгон жаңылыктар менен тааныштырган Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер.

Биринчи кабарыбыз Казакстандан. Кабардын темасы «Казакстанда ТҮРКСОЙдун туруктуу кеңешинин 35 -  мезгилдик жыйыны».

2018 -  жылы ТҮРКСОЙ тарабынан азербайжандык композитор Гаралиев, казак акыны Жумабаев жана жазуучу Айтматовду  эскерүү жылы  деп жарыяланды.

Казакстанда өткөрүлгөн ТҮРКСОЙ туруктуу кеңешинин 35 -  мезгилдик жыйынынын жыйынтык билдирүүсүндө Азербайжан, Казакстан менен Кыргызстандын сунушу боюнча 2018 -  жылы азербайжандык композитор Гара Каралиев, казак улуттук акыны Магжан Жумабаев жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине «Эскерүү жылы» деп жарыяланышы чечимден орун алды. Билдирүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламентарлар ассамблеясы ТҮРКПА сыяктуу мекемелердин адистери жолугушуп, иш алып баруу группасынын түзүлүшү, бул группа даярдаган өзгөртүүлөргө кийинки туруктуу кеңеш жыйынында кол коюлушуна чечим чыгарылды.

ТҮРКСОЙ 2018 -  жылы иш алып баруу программасы да бекитилген жыйында ТҮРКСОЙдун башкы катчылык милдетин аткарган Дүйсен Касеинов добуш бирдиги менен 2017 – 2020 – жыл үчүн кайрадан баш катчы болуп шайланды. Жыйында Кастамону 2018 түрк дүйнөсүнүн маданият шаары деп жарыяланып, кийинки туруктуу кеңештин 36 -  мезгилдик жыйынынын Кастамонуда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.

Казакстанда маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамед уулунун жетекчилигинде Түркстан шаарындагы Ахмет Ясаву эл аралык түрк  - казак университетинде өткөн жыйынга ТҮРКСОЙдун баш катчысы Касеинов, маданият жана туризм министринин орун басары Хүсейин Йайман, Кыргызстандын  маданият, информация жана туризм министри Султан Жумагулов, түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыгы кеңешинин баш катчысынын орун басары Өмер Кожаман менен бирге Азербайжан депутаты Низами Жеферов, Гагауз маданият жана туризм боюнча башкармалыктын төрайымы Марина Семинова катышты.

Эмки кезекте Өзбекстандан кабарыбыз бар.

Түркиядан келген турист санын арттырууну жана өлкө туризмин өнүктүрүүнү максат кылган Өзбекстан виза саясатын жумшартуу менен түрк жарандарына визе жеңилдигин берүүдө.

Президент Р. Т. Эрдоган менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин ортосунда өткөн сүйлөшүүдөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү максатында иш баштатылды.

Өзбекстан туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Азиз Абдүлхакимов Өзбекстан аба жолдорунун башкы директорунун орун басары Үмиджон Хусанов, Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин Самарканд консулдук кызматынын төрагасы Зафер Мухтаров, Түркиянын Ташканттеги элчилигинин туризм жана таанытуу кеңешичиси Жесим Челеби менен түрк жана өзбек басма сөз кызматкерлери менен Самаркандда жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин Самарканд консулдук кызматынын төрагасы Зафер Мухтаров бул жерде сүйлөгөн сөзүндө эки өлкөнүн чоң потенциалына ишенишкендерин белгилеп, виза кайрылууларына үч күндүн ичинде жооп беришкендерин билдирди.

«Виза кызматы дагы да оңойлошот»,- деген Мухтаров бир журналисттин визага каржалуучу акчанын жогору экендигин айтуусу менен мунун да түшүрүлүшү үчүн иштердин баштатылгандыгын белгиледи.

Өзбекстан аба жолдору Стамбулга күн сайын каттамдарын ишке ашырса, түрк аба жолдору да март айынан баштап Самаркандга каттамдарын баштайт.

Сүйүктүү угармандар, эми кезекте Түркия  - Бурсадан бир кабарыбыз бар.

«Түрк ожаклары» коомунун Бурсадагы филиалы менен Улудаг университетинин кызматташтыгында үч жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан «Жыл сайын бир улуу түрк» аттуу симпозиумдун төртүнчүсү өткөрүлдү. 2014 -  жылы улуу ойчул Исмаил Гаспиралы, 2015 – жылы тарыхчы профессор Халил Иналжык, 2016 -  жылы улуу акын Шехрияр тууралуу симпозиум өткөрүлгөн. Бул жылкы симпозиум түрк дүйнөсүнүн белгилүү жазуучусу, кыргыздын залкар жазуучу, журналист, котормочу, дипломат жана саясатчы Чынгыз Айтматовго арналды.

Симпозиумга Кыргызстандан, Азербайжандан жана Түркиядан Айтматов таануучулар, студенттер келишти.

Симпозиумдун ачылышында профессор Юсуф Улужай, Чыңгыз Айтматовдун уулу жана Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков, түрк ожаклары Бурса филиалынын төрагасы профессор Селчук Кырлы менен коомдун борбордук башкаруусунан Айше Филиз Явуз катышты.

Симпозиумда сөз сүйлөгөн Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов Бурсага жана Улудаг университетине биринчи жолу келгендигин, симпозиумдун өзү үчүн өзүнчө орунга ээ экендигин белгилеп буларды айтты : «Белгилүү Улудаг университети тууралуу көп нерселерди уктум. Бүгүн да өз көзүм менен көрүп жатам. Эң негизгиси бардык мугалимдерибизге жана симпозиумду уюштурган баарына чоң ыраазычылыгымды билдирем. Бул абдан маанилүү иш чара. 2018 -  жылы атабыздын 90 жашын жана өлүмүнүн 10 жылдыгын белгилейбиз. Бул симпозиумдун бүгүн өткөрүлүшү абдан орундуу. Симпозиум алдыбыздагы Айтматов жылынын башталышы болот».

Эки күнгө созулган симпозиумда 9 отурумда араларында Кыргызстандан келген профессор Лайли Үкүбаева, профессор Акматали Алимбеков, профессор Гулзура Жумакунова, акын Кожогелди Кулиев жана түрколог Калмамат Куламшаев сыяктуу бир топ илимпоз болгон 50гө жакын катышуучу Айтматовдун чыгармалары жана алардын маңыз  - мааниси тууралуу кенен маалыматтарды бөлүштү.

Симпозиумду Улудаг университети жана башка түрдүү университеттерден келген студенттер менен көп сандаган илимпоз жана жарандык коом мекемелеринен келген конкотор угушту.

Кыргызстан аймагынан дүйнө адабиятына чыйыр салып, глобалдык маселелерди көтөргөн жана кыргыз уламыштарын бүткүл дүйнө билген уламышка айландырган Чыңгыз Айтматовдун «Жамийласын» француз акыны Луис Арагон «дүйнөнүн мыкты махабат баяны» деп айткан.

Ал эми Түркияда Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде 1977-жылы түрк кинорежиссеру Атыф Йылмаздын фильми аркылуу түрк көрүүчүлөрү кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгы менен таанышкан.

Доорунун эң кыйын мезгилин жашап, мезгилдин кыйынчылыгында сапырылып кетпестен, өз нугунда кеткен аз кездешкен жазуучулардын бири, Чыгыз Айтматов бүткүл түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу жана баарыдан мурда адамды алдыңкы планга чыгарган.

Улуу жазуучу 1928 -  жылы 12 -  декабрда  жарык дүйнөгө келип, 2008 -  жылы 10 -  июнда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Анын чыгармалары, каармандары дайыма жашайт.



Тектеш кабарлар