Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 48

Алгачкы кабарыбыздын темасы «Жаңы Чоң Жибек Жолу - 2018 эл аралык саякаты».

859970
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 48

Түрк дүйнөсүндө болгон жаңылыктар менен тааныштырган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.

Алгачкы кабарыбыздын темасы «Жаңы Чоң Жибек Жолу - 2018 эл аралык саякаты».

Жаңы Чоң Жибек Жолу  - 2018 эл аралык саякаты Казакстандын жетекчилигинде келерки жылы апрель жана июнь айларынын ортосунда өткөрүлөт. Казакстан маданият жана спорт министрлигинин маданият жана санат департаментинин директору Алмаз Нуражан Казмедиа борборунда өткөргөн пресс  - жыйынында Казакстандын жетекчилигинде польшалык саякатчы жана изилдөөчү Яцек Палкевич жетекчилик кыла турган Жаңы Жибек Жолу - 2018 саякатынын уюуштуруларын айтты.

Кытайдан баштала турган саякат багытынын Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия жана Белорусиядан өтүп июнь айында Польшада аяктай тургандыгын белгилеген Нуражан : «Саякаттын максаты Азия менен Европаны байланыштырган Жибек Жолу өткөн өлкөлөрдүн маданий байланыштарын түшүндүрүү»,- деди. Нуражан 33төн ашуун тарыхый жерди камтыган саякаттын ЮНЕСКО тарабынан колдоого алынгандыгын сөздөрүнө кошту жана : «Жибек Жолун марка катары колдонобуз»,- деди.

Казак туризм улуттук фирмасынын башкаруу кеңешинин төрага орун басары Тимур Дүйсенгалиев да бул жылы июнь  -  сентябрь айларында өткөн Астана EXPO 2017 эл аралык энергетика жарманкесинен кийин Казакстандын бир гана нефть жана жаратылыш газ өлкөсү эмес, туризм өлкөсү катары дүйнөгө ачылгандыгын баса белгиледи.

Казакстандын туризм потенциалынын өлкө тышында таанытылышы үчүн Жибек Жолу темасы сыяктуу күчтүү каражаттарды колдонушарын айткан Дүйсенгалиев : «Себеби Жибек Жолу темасы дүйнө маркаларынан дагы популярдуу. Бул биз үчүн маанилүү жана Жибек Жолун соода маркасы катары колдонуубузга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Казакстан түзө турган маркалардын бирөөсү да Жибек Жолу болот»,- деди.  

Сүйүктүү угармандар, кезекте кыргызстандан кабарыбыз бар.

Түркия Кызматташтык жана Координация Агенттигинин төрагалыгы ТИКА Кыргызстандын түндүгүндө Красный Речка айылынын ичүүгө боло турган суу муктаждыгын камсыз кыла турган проектини бүткөрүп кызматка киргизди.

Кыргызстан ахыска түрктөрү коомунун талабы боюнча ТИКАнын Бишкек программасынын координаторлугу Красный Речкада 125 түтүндүн суу муктаждыгын камсыз кылуу үчүн жер астына 1250 метр узундуктагы негизги суу түтүгүн төшөттү жана айылдын мечити жайгашкан отурукташуу жерине суу түтүгүн орноштурду.  Ачылуу аземине ТИКА төрагасынын кеңешчиси Камил Колабаш, ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Али Муслу, Ахыска түрктөрү коомунун башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү башкаруунун жетекчилери жана көп сандаган киши катышты.

Кураандын окулушу менен башталган аземде Колабаш ТИКАнын төрагасы Сердар Чамдын кошкон саламын айтып баштаган сөзүндө кыргыз калкы менен социалдык тармакта проектилерди  турмушка ашырууну улантышарын баса белгиледи.

ТИКА проектилеринин айыл калкына пайдалуу болушун каалаган Колабаш : «Суу түтүгү курулган жерде дайыма майрам болсун»,- деди.

Программанын координатору Муслу да ТИКАнын Кыргызстанда ичүүгө боло турган суу проектилерине абдан чоң маани беришкендерин айтты.

Акыркы кабарабыз Түркия – Стамбулдан.

Түркиянын жергиликтүү автомобилин чыгара турган Орток демилге группасында орун алган «5 жигиттин» бирөөсү болгон Зорлу холдинг кеңешинин төрагасы Ахмет Назиф Зорлу жергиликтүү автомобилде мыкты нерселердин болоруна ишенгендигин белгилеп : «Буга баарынын ишениши керек. Ишенбесеңиз эч нерсе болбойт. Жолго чыктык. Буйруса акырында жакшы натыйжа чыгат»,- деди. Зорлу бир программанын негизинде барган Бурсада Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматта шаардын автомобилде сөз ээси экендигин айтты.

Түркияда чыгарылган автомобилдердин 60 – 70 пайызынын Бурсада чыгарылгандыгын белгилеген Зорлу өткөн жумада ишке ашырылган «Автомобиль жолугушуулары» иш чарасына өлкө тышынан да коноктордун катышкандыгын жана иш чара процессинде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Жергиликтүү автомобиль чыгаруу милдетин алууну каалашкандарын белгилеген Зорлу : «Бул консерсиюмда орун алдык. Биз өнөр жайдан келген группабыз. Түркияда секундасына жумуш менен камсыз кылган эң чоң группалардын бирөөсүбүз. Секундасына 30 миң иштеген жумушчубуз бар. Буйруса өлкөбүз жана группабыздын атынан пайдалуу болушун каалаймын. Мен эң мыкты нерселердин болушуна ишенем жана буга баарынын ишениши керек. Ишенбесеңиздер эч нерсе болбойт. Жолго чыктык. Буйруса акырында жакшы жыйынтык чыгат»,- деди.



Тектеш кабарлар