Түрк дүйнөсүөн кабарлар

Түркия менен Азербайжандын ортосунда жогорку билим берүү тармагында кызматташтыкка карата макулдашуу келишимине кол коюлду.

843711
Түрк дүйнөсүөн кабарлар

Түрк дүйнөсүндө  болгон жаңылыктар менен тааныштырган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.      

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз     Түркия менен Азербайжандын ортосундагы жогорку билим берүүдө кызматташтык тууралуу болмокчу.

Түркия менен Азербайжандын ортосунда жогорку билим берүү тармагында кызматташтыкка карата макулдашуу келишимине кол коюлду. Жогорку билим берүү   кеңешинин төрагасы профессор Йекта Сарач менен Азербайжандын билим берүү министри Микайыл Жаббаровдун ортосунда кол коюлган макулдашуу келишими менен университеттерге студенттерди кабыл алуу, дипломдорунун кабыл алынышы темалары каралды.    Жогорку билим берүү кеңешинен берилген маалыматта президент Р. Т: Эрдоган менен Баку  - Тбилиси – Карс темир жолунун ачылуу аземи үчүн Азербайжанга барган Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы профессор Йекта Сарачтын Азербайжан республикасынын билим берүү министри Микайыл Жаббаров менен  эки өлкөнүн ортосунда жогорку билим берүү тармагында кызматташтыкка карата  макулдашуу келишимине кол коюлгандыгы белгиленди. Маалыматка караганда макулдашуу келишими менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык үчүн чөйрө түзүлүп, эки өлкөнүн жогорку билим берүү мекемелеринин ортосунда академиялык жана илимий тармактардагы кызматташтыктын арттырылышы максат кылынгандыгы билдирилди. Маалыматта жогорку билим берүү программасына студенттерди кабыл алуу, дипломдорунун кабыл алынышы жана эки өлкөнүн жогорку билим берүү мекемелеринин ортосунда студенттер менен мугалимдердин ортосунда тажрыйба алмашуу программаларына катышуусунун арттырылышын камтыгандыгы белгиленди.

Кезекте Өзбекстандан кабарыбыз бар. Кабарыбыздын темасы «ТИКА Өзбекстанда «Самарканд медресе  - и Алийелер» симпозиумун өткөрдү». Өзбекстанда ТИКАнын жардамы менен «Ортоңку кылымдагы Самарканд медресе  - и Алиейелерди ислам  цивилизациясы жана билим берүү системасынын өнүгүшүндөгү ролу» деген темада эл аралык симпозиум өткөрүлдү. Смипозиум Ажы Бекташ Вели маданият коомунун төрагалыгы, Самарканд мамлекеттик университетинин ректораты, Мугла Сыткы Кочман университетинин тектораты жана Дүйнөлүк сөз академиясынын кызматташтыгында 30дан ашуун чет элдик илимпоз жана адистин катышуусу менен өткөрүлдү. Самаркант  мамлекеттик университетинин ректору профессор Рустем Халмурадов симпозиумдун ачылуу сөзүн сүйлөп, Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошорун айткан симпозиумду өткөрүүдө эмгектенгендерге рахмат айтты. ТИКАнын төрага орун басары Сүреййа Эр да  төрагалыктын турмушка ашырган проектилерин түрдөнтүүгө токтолуп, өзбек мекемелерине рахмат айтты.

Казакстан Дүйнө банкынын «Иш аткаруунун жеңилдиги 2018» тизмесинде 190 өлкөнүн арасында 36 – орунду алды. Казакстан улуттук экономикалык министрлигинен берилген маалыматта Дүйнө банкынын «Иш аткаруудагы жеңилдик 2018» тизмесинде Казакстандын 36 -  орунду алып, Италия, Бельгия, Израиль, Белорусь, Армения жана Кыргызстанды артта калтыргандыгы белгиленди. Маалыматта «Иш аткаруунун жеңилдиги 2018» отчетунун «ал үлүштүү инвесторлорду коргоого алуу» индексинде 190 өлкөнүн арасынан Казакстандын биринчи болгондугу билдирилип : «Казакстан келишимдердин орундатылышы индексинде эки жылдан бери  6 -  орунда, менчик мүлк каттоосу тизмесинде да 17 -  орунда орун алууда»,- деп билдирилди.

Иш аткаруу үчүн ыңгайлуу өлкөлөр Жаңы Зеландия, Сингапур, Дания, Түштүк Корея жана Гонконг деп белгиленди. Казакстан иш аткаруудагы жеңилдик  2017нин глобалдык тизмесинде  да 36 – орунду алды.

***

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте «түрк  - өзбек достук концерти» болуп өттү. Түркстан санат сарайында болгон концерт Түркиянын Ташкент элчилиги менен маданият жана таанытуу кеңешчилиги тарабынан уюштурулду.  Концерттин ачылышында сөз сүйлөгөн Түркиянын Ташкенттеги элчиси Ахмет Башар Шен орток тарыхы, тил, дин жана цивилизация тектеринен келген түрк жана өзбек элдеринин бир туугандык сезимдеринин тарых боюнча сактап келгендигин жана бири бирин колдогондугун айтты. Шен : «Биз түрдүү себептерден улам кылымдар мурда бири биринен бөлүнгөн жана башка аймактарда жашаган, бирок кылымдар боюнча бири бирин сагынган эки бир тууган элдин балдарыбыз»,- деди.  Концертте   маданият жана туризм министрлигинин мамлекеттик түрк элдик музыкасынын өнөрпоздору менен мамлекеттик элдик бийлер тобунун мүчөлөрү,  Өзбекстандын «Сабо» улуттук бий группасы менен өзбек ырчылар сахнага чыгышты.

Түрк элдик музыкасынын өнөрпоздору Сержан Карадаш, Арзу Челик Албайрак жана Орхан Урал аткарган ырлар менен мамлекеттик элдик бийлер группасы аткарган Тракия, Трабзон, Битлис жана Зейбек аймактык бийлери тартууланды. Өзбек «Сабо» бий группасы да кызыгууларды тартып, өзбек өнөрпоз Мадина Мүмтаздын Ашык Вейселдин «Узун инже бир йолдайым» аттуу ырын аткарып көрүүчүлөр кол чабышты. Концерттен кийин элчи Шен түрк – өзбек достук концертинин катышуучулары менен концерттин өткөрүлүшүнө салым кошкондорго сыйлыктарды тапшырды.



Тектеш кабарлар