Түрк дүйнөсүнөн кабарлар -42

ТИКАнын төрагасы Сердар Чамга Казакстандын «Көз карандысыздык медалы» берилди.

831672
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  -42

Түрк дүйнөсүндөгү жаңылыктар менен кабардар кылган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.

ТИКАнын төрагасы Сердар Чамга Казакстандын «Көз карандысыздык медалы» берилди.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов түрк республикаларынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгынын урматына Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКАнын төрагасы Сердар Чамга «Казакстан мамлекетинин 25  жылдык көз карандысыздык медалын» тапшырды.

ТИКАда өткөрүлгөн аземге элчи Касеинов жана ТИКАнын төрагасы Сердар Чам менен бирге ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары Фырат Пурташ, ТҮРКСОЙдун Азербайжан өкүлү Элчин Гафарлы, ТҮРКСОЙдун Кыргызстан өкүлү Кожагелди Кулуев жана ТИКАнын төрага орун басарлары катышты.

Дүйсен Касеинов бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Казакстан карым – катнаштарынын түрдүү проектилер менен жүргүзүлгөндүгүн, проектилердин маанилүү бөлүгүнүн да ТИКА тарабынан жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Касеинов : «Түрк дүйнөсүнө жардам дегенде эске биринчи ТИКА келет»,- деди. ТИКАнын төрагасы Сердар Чам болсо бул медалды алуудан ыраазы экендигин билдирип : «Мындан кийин мындан мурда болгондой бардык аракетим менен Казакстанга жана бардык түрк дүйнөсүнө кызмат кыларыма убада берем»,- деди.

ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары Пурташ да бул медалдын Казакстандын президентинин жарлыгы менен берилгендигин, бул медалдан Түркияда 6 гана кишиге берилгендигин жана бул кишилердин медалга татыктуу экендигин айтты.

Казакстандагы маанилүү ТИКА проектиси ушул күнгө чейин кенен масштабдуу рестоврация проектиси болгон Кожо Ахмет Ясаву күмбөзү. Түрк – ислам ааламынын  руханий жол башчыларынан Кожо Ахмет Ясавунун Түркстан шаарындагы күмбөзүндө ушул күнгө чейинки эң кенен рестоврация жасалды жана күмбөз Түркстан шаарынын курулушунун 1500  жылдыгында эки өлкөнүн президенттери тарабынан зыяратка ачылды.

 

Кезектеги кабарыбыз Казакстандан.

Астанада түрк дүйнөсүнүн математикачыларынын алтынчы конгресси өткөрүлдү. Конгресске 20 өлкөдөн жүздөн ашуун делегация менен жалпы беш жүздөн ашуун илимпоз катышты. Конгрессте  математикалык логика, геометрия жана топология, математикалык физика, түрк калктарынын математика боюнча билим берүү тарыхы жана методу сыяктуу актуалдуу темалар каралды.

Айрыкча конрессте түрк тилдүү өлкөлөрдүн математикачылар коомунун башкаруу кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Кеңеште коомдун мүчөлөрү шайланды. Катышуучулар добуш бирдиги менен академиянын мүчөсү Бакытжан Жумагуловду түрк тилдүү өлкөлөрдүн математикачылары коомунун кийинки мезгилдик  башкаруучулугуна шайлашты. Жыйында түрк дүйнөсүнүн математикачылары коомунун 7 -  конгрессинин Өзбекстанда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды. Конгресстин акыркы күнүндө математиканын өнүгүшүнө чоң салым кошкон илимпоздору жана жаш математикачыларга дипломдор тапшырылды.

Үч жылда бир өткөрүлүп келген түрк дүйнөсүнүн математикачылар коомунун конгрессинин биринчиси 1999 – жылы Түркияда өткөрүлгөн.

2017 -  жылдын 7 – 8-  декабрында Уфада Башкорт улуттук басма сөзүнүн 100 жылдыгына карата Эл аралык басма сөз конференциясы өткөрүлөт.

Алынган маалыматка караганда конференция Орусия федерациясынын билим берүү министрлиги менен Башкортстан басма сөз жана массалык байланыш каражаттары агенттигинин колдоосу менен Башкорт мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.

Кайрылуу формаларынын 10 -  ноябрга чейин кабыл алынат жана конференцияда сунушталган докладдар андан кийин китеп болуп жарыяланат.

Акыркы кабарыбыз Өзбекстандан. Кабарыбыздын темасы «Өзбекстандын өлкө ичи улуттук кирешси 2017  жана 2018 – жылы 6 пайызга артат»

ИМФнин отчетунда Өзбекстандын өлкө ичи улуттук кирешеси бул жылы жана келерки жылы 6 пайызга артышынын күтүлүп жаткандыгы орун алган. Кабарга караганда ИМФ Өзбекстандын өлкө ичи улуттук кирешесинин 2017 – 2018 – жылдарда 6 пайызга өсөөрү белгиленди.

ИМФнин жаңыланган World Economic Outlook отчетунда андан мурда Өзбекстандын өнүгүшүнө байланыштуу статистикалык күтүүлөрүн өзгөрткөн жок. ИМФ отчетунда Өзбекстандын өлкө ичи улуттук кирешесинин бул жылы жана келерки жылы 6 пайызга артышынын күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

Өзбекстандагы жылдык инфляция бул жылы 13 пайыз, келерки жылы болсо 12, 7 пайыз болуп ишке ашары белгиленген отчетто инфляциядагы бул артуунун валюта секторундагы реформалардан улам акчанын баасын жоготушуна караштуу экендиги баса белгиленди.

Өзбекстан өкмөтү өлкө ичи улуттук кирешенин бул жылы 7,8 пайызга артышын күтүп, жылдык инфляциянын болсо 11 – 12 пайыз болуп ишке ашары болжолдолууда.



Тектеш кабарлар