Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 40

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Өзбекстандан.

821924
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 40

                   

Түрк дүйнөсүндөгү жаңылыктар менен кабардар кылган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Өзбекстандан.

Өзбекстан  - Татарстан иш форуму Ташкентте өткөрүлдү. Татарстандын президенти Рүстем Минниханов жана коштоосундагы делегациянын Өзбекстанга жасаган иш сапарынын негизинде өткөрүлгөн форумга Өзбекстан жана Татарстандан жогорку мартабалуу жетекчилери жана ишкерлер катышты.

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Өзбекстандын вице  - премьери Гуламжан Ибрагимов өлкөсүнүн Орусия менен аймактар аралык кызматташтыгынын өнүктүрүлүшүнө маани бергендигин айтып, эки өлкөнүн арасында кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдин кызматташтыктын өнүктүрүлүшү үчүн бекем бир базисти түзгөндүгүн айтты.

Ибрагимов Өзбекстан менен Татарстандын ортосундагы соода, экономикалык карым – катнаштардын азыркы потенциалдан төмөн экендигин, бул потенциалдын дагы да арттырылышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин айтты. Ибрагимов Татарстан менен элетротехникалык, нефтехимия, азык  - түлүк, дыйканчылык жана продукцияларын иштетүү, текстиль жана өнөр жай тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалашкандарын билдирди.

Татарстандын президенти Минниханов да Өзбекстанга араларында көп сандаган министр жана ишкерлер да болгон жогорку мартабалуу делегация менен келишкендерин, максаттарынын эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттарын белгилөө жана жаңы орток проектилерди турмушка ашыруу экендигин белгиледи.

Кезекте Азербайжандан кабарыбыз бар. Азербайжандагы Түркия туризм өкүлчүлүгү Азербайжандын түрк инвестор жана туристтерди күтүп жаткандыгын жарыялады.

Азербайжан Түркия туризм өкүлчүлүгүнөн берилген маалыматка караганда жылдык нефть резерви 8 миллиард баррелден жогору болгон Азербайжан туризмде аракетке өттү.

«Эки мамлекет бир улут» деген түшүнүк менен Түркия менен күчтүү байланышы болгон Азербайжан дыйканчылык жана азык – түлүк өндүрүү, курулуш, химия өнөр жайы, текстиль жана туризм сыяктуу секторлордо  түрк инвесторлор үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк сунууда.

Азербайжан туризм өкүлчүлүгүнүн башкаруучу директору Нурлана Чакмак бул тууралуу баа берүүсүндө өзгөчө туризм тууралуу Азербайжанда чоң бир өзгөрүү болгондугун, инвесторлорчолук түрк туристтерди да Азербайжанга чакырышкандарын билдирди.

Чакмак Азербайжанды бир гана нефть жана жаратылыш газ булактары менен эмес, ошол эле учурда тарыхы, маданияты, табигый кооздуктары жана бай гастраномиясы менен да таанууну каалашкандарын белгилеп, өткөн жылы баштатылган туризм аракетинин жалпы өлкөдө артуу менен улантылгандыгын белгиледи.

13 өлкөгө виза жеңилдигинин берилгендигин билдирген Чакмак : «Түрк жарандарына жасалгандай эле каалгада виза мүмкүнчүлүгү киргизилди. Стамбул, Орусия жана Дубайда туризм офистери ачылды. Өлкөбүздү таанытуу үчүн түрдүү иштерди аткаруудабыз. Түркиянын бул тармактагы тажрыйбасына маани беребиз жана үлгү кылып алуудабыз»,- деди.

Түрк жана Азербайжан элдеринин арасында көптөгөн орток жактардын бар экендигин белгилеген Чакмак буларды айтты : «Сен да Азербайжанды көр деп түрктөргө чакыруу салып жатабыз. Азербайжан жалпы дүйнөдөгү  таанытуулар менен жана эл аралык иш чараларды өткөрүү менен туризмде маанилүү кыймылдуулук жаратты. Жылдык турист саны 2 миллиондон ашты. Алдыбыздагы 5 жылдын ичинде бул сандын 3, 5 миллионго жетишин максат кылуудабыз. Азербайжанда түрк туризмчилердин инвестициясы маанилүү көлөмгө ээ. Ар тармактагы жакындыгыбыз бул процессте Түркия үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүк. Бул жерде сиздерди абдан жакшы көргөн жана конок кылуудан бактылуу боло турган бир туугандарыңыздар бар.

 

Акыркы кабарыбыз Казакстандан...

Казакстан айылдарга да ылдам интернет алып барат.

Казакстан информация жана кабарлашуу министри Даурен Абаев 2020 -  жылга чейин айылдарда жашаган 2 миллиондон ашуун кишиге ылдам интернет кызматынын берилерин билдирди. Абаев министрлер кеңешинин жыйынында : «Сан ариптик Казакстан мамлекеттик программасынын» негизинде шаар жана айылдардын арасындагы сан ариптик кемчиликтин жабылышы үчүн 122 шаар жана 1200 айылда фибер оптикалык байланыш жолдору аркылуу ылдам интернет кызматынын берилерин айтты.

1800 айыл да фибер оптикалык байланыш жолдорунун төшөлөрүн айткан Абаев : «Проекти 2 миллиондон ашуун жарандын сапаттуу интернетке жетет деген мааниге келүүдө. Проектинин 2018 – 2020 – жылдары турмушка ашышы пландалууда»,- деди. Абаев 2021 – жылга чейин жалпы 24 миң километр фибер оптикалык байланыш жолунун төшөлөрүн белгилеп, ылдам интернет кызматы менен элдин интерактив жана саламаттык сактоо кызматтарынан пайдалануусун жеңилдетерин баса белгиледи. Казакстан 2021 -  жылга чейин 18 миллиондук калкынын 81 пайызына интернет жеткирүүнү пландап жатат.



Тектеш кабарлар