Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 35

Татарстандын вице  - премьери, өнөр жай жана соода министри Альберт Каримов : «Түркиянын эң өнүккөн аймактарынын бири болгон Измир менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз».

803973
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 35

Түрк дүйнөсүндөгү маалыматтар менен кабардар кылган  «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарабыз Измир – Түркиядан.

Татарстандын вице  - премьери, өнөр жай жана соода министри Альберт Каримов : «Түркиянын эң өнүккөн аймактарынын бири болгон Измир менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз»,- деди. Измир соода кабинетинин жетекчилигинде Измир  - Татарстан иш форуму өткөрүлдү. Каримов Измир соода кабинети ассамблеясынын залында өткөрүлгөн форумда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Татарстан үчүн абдан маанилүү соода, экономикалык жана маданий партнер экендигин белгилеп, өткөн жылы Түркия менен 200 миллион доллардан ашуун тышкы соода көлөмүнө жетишкендерин айтты. Бул көлөмдү дагы да өнүктүрө турган потенциалдын бар экендигин айткан Каримов Түркиянын эң өнүккөн шаарларынын бирөөсү болгон Измир менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалашкандарын белгиледи. Каримов эки өлкөнүн ортосунда маданий жана диний бир топ окшоштуктардын бар экендигине көңүлдөрдү буруп, бүгүн түзүлө турган кызматташтык келишимдеринин план жана проектилерди дагы так абалга алып келерин билдирди.

Татарстан соода жана өнөр жай кабинетинин төрагасы Шамил Агаев да бир топ жолу Түркия экономикасынын канчалык динамикалуу өнүккөндүгүнө күбө болушкандарын айттып, түрк ишкерлеринин Татарстанда ийгиликтүү түрдө иштерин уланткандыгын белгилеп : «Ар тармакта кызматташтык түзө алабыз»,- деди.

Измир соода палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Экрем Демирташ болсо Татарстан менен Түркиянын өткөн күндөн бери жакшы карым – катнаштарынын болгондугун белгиледи. Измирдин 4 миллион калкы менен Түркиянын эң чоң үчүнчү шаары экендигин айткан Демирташ шаарда 13 уюмдашкан өнөр жай аймгы, 2 эркин аймак, 4 технологияны өнүктүрүү аймагынын бар экендигине көңүлдөрдү бурду. Демирташ Измирдин бир гана өнөр жайда эле эмес, дыйканчылыкта да алдыда экендигин айтып : «Эгейде өндүрүлгөн пахта, анжир, жүзүм, тамеки, оливка жана оливка майы жогорку сапаты менен дүйнөгө белгилүү жана Эгей дыйканчылыктын негизин түзөт. Тактап айтканда бардык тармакта кызматташтык түзө алабыз жана буга даярбыз»,- деди. Андан кийин Татарстан соода жана өнөр жай кабинети менен Измир соода кабинетинин ортосунда «бир тууган кабинет» келишимине кол коюлду. Татарстан инвестиция агенттигинин төрагасы Талия Минуллина Татарстандын экономикалык потенциалына байланыштуу доклад окуду. Программанын негизинде измирдик жана татар фирмаларынын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

 

****

Казакстандан бир кабар менен улантабыз.

Казакстанда алты айда 7, 3 миллион тонна нефть рафинерияланды. Казакстандын бул жылдын биринчи жарымында рафинериялаган нефть көлөмүнүн 5, 4 пайыздык өсүү менен 7 миллион 338 миң тоннага жеткендиги билдирилди.

Казакстан энергетика министрлигинен берилген маалыматта бул жылдын январь  - июнь мезгилинде Павлодар нефть менен химия заводунда 2 миллион 648 миң тонна, Нефть Казакстан Оил рафинериясында 1 миллион 895 миң тонна, Атырау рафинериясында 2 миллион 508 миң тонна жана башка кичи комплекстерде да 287 миң тонна болуп жалпы 7 миллион 338 миң тонна нефтинин иштетилгендиги белгиленди. Бул мезгилде өлкөдө 1 миллион 544 миң тонна бензин, 110 миң тонна реактив күйүүүч май, 2 миллион 127 миң тонна дизель жана 1 миллион 515 миң тонна ар түрдүү күйүүчү майдын өндүрүлгөндүгү айтылды. Өндүргөн нефтинин негизги бөлүгүн чийки экспорттогон Казакстан акыркы мезгилде нефть рафинериясынын өлкө ичинде жасалышына маани берүүдө.

 

***

Кезекте Өзбекстандан кабарыбыз бар. Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда коргонуу кызматташтыгы.

Өзбекстан менен Казакстандын коргоо министрликтеринин ортосунда кызматташтык планына кол коюлду. Өзбекстандын коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Казакстан коргоо министри Сакен Жасузаков менен өзбекстандык кесиптеши Кабул Бердиев борбор шаар Ташкентте жолугушту. Жолугушууда Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы аскердик кызматташтыкты карап чыккан эки министр аймактагы аскердик  - саясий абалдан сөз кылышты.  Жолугушуудан кийин Бердиев менен Жасузаков эки өлкөнүн коргонуу министрликтеринин ортосундагы карым – катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшүн күткөн коргонуу кызматташтыгынын планына кол коюшту.



Тектеш кабарлар