Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 25

БУУму Түркмөнстанда жаңы бир офис ачууда.

755770
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 25

 

Орто Азия өлкөлөрүнө сапар менен барган БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов жолугушуусунда Арал деңизинин бүгүнкү абалы менен «климаттык алмашуу жана экологиянын сакталышы» темалары алдыга чыкты.

Түркмөнстан өкмөтү жана БУУ улантууга боло турган өнүгүү тармагында офис ачуу боюнча токтолушууда.

Түркмөнстандын лидери Бердимухаммедов ачылышы пландалган офистин Түркмөнстан жана БУУнун экологияны коргоо жана климаттык алмашуу тармагында аткара турган орток иштерди пландай тургандыгын жана алып барарын айтты.

40 жыл мурда башталган айыл – чарба саясаттарынын жыйынтыгында Арал деңизине суу куйган Аму – Дарыясы менен Сыр – Дарыянын суулары Арал аймагына жетпестен түгөнүп жатат. 40 жыл мурдагысына караганда суулары 10 пайызга төмөндөгөн жана чөлдөшүү менен бетме – бет келген Аралды куткаруу үчүн чыгарылган бир топ чечим жана курулган бир фонд бар. Арал деңизин куткаруу эл аралык фондуна 2017 – 2019 – жылдардын ортосунда Түркмөнстан жетекчилик кылууда.

Түркмөнстандын лидери Бердимухаммедов Арал деңизи меселесине абдан маани берүүдө. БУУнун баш катчысы менен жолугушкандан кийин берилген орток маалыматта да бул маселе күн тартибине алып келинди. Арал деңизи аймагындагы программанын үч баскычынын бүткөрүлгөндүгүн баса белгилеген Түркмөнстандын мамлекет башчысы бул кенен масштабдуу эмгекке эл аралык кыймылдын керек экендигин баса белгиледи.

Түркмөнстан өкмөтүнүн аймактагы экологиялык абалдын жакшыртылышы жана ырааттуулугу үчүн БУУ тарабынан атайын бир программанын түзүлүшүнө карата демилгелеринин бар экендигин белгилеген Бердимухаммедов БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешинин, БУУнун Жалпы Кеңешинин 72 -  жыйынынын алкагында бул маселени карап чыгышын сунуш кылды.

 

Кезекте Азербайжандан кабарыбыз бар.

Түркия кургактык күчтөрү командири армиянын генералы Салих Зеки Чолак Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү. Кургактык күчтөрү командири армиянын генералы Салих Зеки Чолак Азербайжандын коргоо министри армиянын генералы Закир Хасанов менен жолугушту.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда жолугушууда сөз сүйлөгөн Хасанов Азербайжан жана Түркия аскердик карым – катнаштарынын эки тараптуу деңгээлде жана НАТОнун негизинде жүргүзүлгөндүгүн, аскердик, аскердик – техникалык жана аскердик машыгуу тармактарындагы кызматташтыгынын да өнккөндүгүн белгиледи.

Армиянын генералы Чолак да Нахчиванда эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү тарабынан башталган орток аскердик машыгуунун маанилүү экендигин баса белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын тарыхый тектер жана жылуу достук карым – катнаштарына таянгандыгын айткан Чолак Азербайжандын Түркиянын маанилүү өнөктөшү экендигин белгиледи.

Жолугушууда аймактагы аскердик  - саясий абал Азербайжан жана Түркия куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы карым – катнаштардын келечеги, тажрыйба бөлүшүү үчүн адис делегациялардын сапарларынын пландалышы, ар башка армия бөлүктөрүнүн катышуусу менен орток машыгуулардын ишке ашырылышы сыяктуу темаларда пикир алышуулар болду.

Жолугушуудан кийин министр Хасанов армиянын генералы Чолакка эки өлкөнүн ортосундагы аскердик карым – катнаштардын күчтөндүрүлүшүндө көрсөткөн кызматтарынан улам «Аскердик кызматташтык  медалын» тапшырды.

Акыркы кабарыбыз Өзбекстандан. Өзбекстан жана Тажикстан  чек аралары тууралуу келишти. Өзбекстан жана Тажикстан чек арасынын белгилениши жана аймакта суу бөлүштүрүү тууралуу келишкендиги билдирилди. Орусиянын негизги гезиттеринен «Коммерсантта» берилген кабарда Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиеевдин кошкон салымы менен акыркы мезгилде коңшу өлкөлөр Тажикстан менен карым – катнаштарында оң абалдардын болгондугун белгилеп, мамлекеттердин чек арасынын белгилениши тууралуу келишкендиги белгиленди.

Ислам Каримов мезгилинде чек ара белгисиздиги жана башка коопсуздуктан улам Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы чек ара аймактарына миналар төшөлгөн болчу. Муну менен бирге Өзбекстан жана Тажикстандын Орто Азия аймагынын эң негизги маселелеринин бири болгон чек аранын ары жагына суу бөлүштүрүүдө да келишимге жакын экендиги билдирилди.

Тажикстандын энергия маселелерин чечүүчү күтүлгөн жана Вахш дарыясынын үстүнө курулушу улантылып жаткан «Рагун» гидроэлектр станциясынын Өзбекстандын дарыя суусунан пайдалануу көлөмүн азайтуусу күтүлүүдө.

«Коммерсант» гезитинин кабарында бул эки өлкөнүн чек аранын ары жагына суу бөлүштүрүү тууралуу келишимдин түзүлүшү үчүн БУУнун байкоосу астында  ишке аша турган Арал деңизи келишиминин жардамчы болору билдирилди. Бул тууралуу билдирүүнү Өзбекстан парламентинин астыңкы канатынын төрагасы Борий Алиханов  podrobno.uz сайтына кабарлады. Алиханов : «Проекти БУУнун байкоосу астында  өнүктүрүлгөн. Келишим аймакта суу булактары башкаруусунун өнүктүрүлүшүн, экологияны коргоону жана Арал деңизи аймагынын экосистемасын жакшыртууну камтууда»,- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар