Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 24

Түркия Түркмөнстандын энергия проектилерин колдоп жатат.

752785
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 24

Сүйүктүү окурандар, Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер.

Түркия Түркмөнстандын энергия проектилерин колдоп жатат. Түркиянын Ашкабаттагы элчиси Капужу : «Энергетика булактарынын түрдөнтүлүшүнүн алкагында Түркмөнстандын жаратылыш газ проектилерин колдойбуз. Керектүү шарттар түзүлгөндө Түркмөнстан газын Түркия аркылуу Европага өткөрүүгө даярбыз»,- деди.

Түркиянын Ашкабат элчиси Мустафа Капужу Түркиянын керектүү шарттар түзүлгөндө Түркмөнстан газын Европага өткөрүүгө даяр экендигин белгилеп : «Энергетика булактарынын түрдөнтүлүшүнүн негизинде Түркмөнстандын жаратылыш газ проектилерин колдойбуз»,- деди.

Ашкабат Эл аралык Энергетика Шарты форумунда Анадолу агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берген Капужу 2017 -  жылдын Түркмөнстан жана Түркиянын дипломатиялык карым – катнаштардын курулушуна 25 жыл болгондугун айтты. Өлкөлөр арасындагы маданий жакындык, тил жана дин биримдигинин көп тараптуу карым – катнаштардын негизин түзгөндүгүн айткан Капужу буларды айтты : «Бир улут, эки мамлекет Түркмөнстан үчүн да айтыла алат. Түркмөнстан менен экономикалык карым – катнаштарыбыз мыкты деңгээлде. Бардык тармактарда жакындык жана кызматташтыгыбыз бар. Соодабызда да ушул алкакта өлкөнүн көз карандысыздыгынан бери маанилүү артуу болду. 2013 -  жылы эң жогорку деңгээлге жетип 3 миллиард доллардан ашты. Азыркы учурда дүйнөдөгү экономикалык кризистен улам бир аз төмөндөдү бирок азыр да соода көлөмүнө ээбиз. Азыркы учурда эки өлкөнүн арасында 1, 7 миллиард долларга жакын соода көлөмүбүз бар. Түрк курулуш инженердик фирмалары ушул кезге чейин 50 миллиард долларга жакын проектини бүтүрдү. Маанилүү базис жана башка проектилерин түрк курулуш фирмалары аткарды. Түрк курулуш фирмалары эң мыкты иш аткарган өлкө Түркмөнстан».

Капужу Түркмөнстан менен эки тараптуу карым – катнаштарда транспорт жана энергетика кызматташтыгынын стратегиялык мааниге ээ экендигине көңүлдөрдү буруп, Жибек Жолу проетисинин жандандырылышында Түркмөнстандын маанилүү өткөөл жери болгондугун баса белгиледи.

Түркиянын Түркмөнбашы шаарында бул максатка кызмат кыла турган бир порт проектисинин бар экендигин белгилеген Капужу : «Муну да бир түрк фирмасы курууда. Алдыбыздагы жылы ал да бүткөрүлөт. Ошондуктан жол – муун проектисинин негизинде  маанилүү бир базис проектиси да кызматка кирген болот. Бул абдан чоң көлөмдүү проекти. Бир гана Каспийдин эмес, дүйнөлүк масштабда маанилүү порт проектилеринин бирөөсү»,- деди.  Капужу Түркиянын энергетика булактарынын түрдөнтүлүшүнүн алкагында Түркмөнстандын жаратылыш газ проектилерин колдогондугун баса белгилеп : «Булардан  бирөөсү Каспийден өткөн проекти жана азыр да иштелүүдө. Биз бул проектини башынан бери колдойбуз. Керектүү шарттар түзүлгөндө Түркмөнстан газын Түркия аркылуу Европага жеткирүүгө даярбыз»,- деди.

Кезекте Казакстандан кабарыбыз бар. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркия республикасынын вице  - премьер Тугрул Түркешти кабыл алды.

Акорда басма сөз кызматынан берилген маалыматка караганда Түркиянын вице – премьери менен жолугушкан Назарбаев Түркия республикасынын Казакстандын жакын жана боордош өлкөлөрдүн бирөөсү экендигин белгилеп, Казакстандын көз карандысыздыгына жетишкенден бери 25 жылдын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын бардык тармактарда барган сайын өнүккөндүгүн билдирди. Нурсултан Назарбаевдин жылуу тосуп алгандыгына рахмат айткан Тугрул Түркеш Түркия республикасынын президенти р. Т. Эрдогандын саламын айтты. Айрыкча Түркия менен Казакстандын ортосундагы карым – катнаштардын терең тектүү карым – катнаштарга ээ экендигин баса белгилеп, Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде туруктуу болбогон мүчөлүгү да болуу менен эл аралык уюмдарда көрсөткөн активдүү иштеринин Түркия үчүн маанилүү экендигин айтты.

Өзбекстан өлкөнүн өнүгүшү үчүн инвестиция салууну улантууда.

Өзбекстан өкмөтү 2017 – 2021 – жылдар үчүн өлкөдөгү гидроэлектр станция проектилерине 2, 6 миллиард долларлык инвестиция салат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кол койгон гидроэлектр станцияларын өнүктүрүшүнө карата чечимге караганда 5 жыл өлкөдө ишке ашырыла турган 18 жаңы гидроэлектр станциясынын курулушу жана 14 гидроэлектр станциясынын модернизациясы үчүн жалпы 2 миллиард 650 миллион долларлык инвестициянын салынышы максат кылынууда.

Гидроэлектр станцияларынын өнүктүрүлүшү программасынын ишке ашырылышынан кийин 2026 – жылы өлкөдө гидроэлектр станциясындагы электр өндүрүүнүн 70 пайызга артуусу жана гидроэлектр станцияларынын электр өндүрүүдөгү үлүшүнүн 12, 7 пайыздан 15, 8 пайызга чыгарылышы күтүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар