Казакстанда кардын эришинин кесепети

Эриген кардын себебинен 10 облуста 3 миңден ашуун үйдү суу каптап, транспорт инфраструктурасы, өзгөчө автожолдор жана көпүрөлөр зыян тартты.

2127908
Казакстанда кардын эришинин кесепети

Казакстанда эриген кардын кесепетинен сел каптаган аймактардан 100 миңден ашуун адам куткарылды.

Эриген кардын себебинен 10 облуста 3 миңден ашуун үйдү суу каптап, транспорт инфраструктурасы, өзгөчө автожолдор жана көпүрөлөр зыян тартты.

Селден улам Батыш Казакстан, Атрау, Актөбө, Костанай, Павлодар, Акмола, Караганды жана Улутау облустарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан билдирүүгө караганда, сел жүргөн аймактардан эвакуацияланган адамдардын саны 100 миңден ашты. Болжол менен 8500 адам убактылуу баш калкалоочу борборлорго жайгаштырылды. Суу каптаган айылдардан 81 миң майда жана бодо мал эвакуацияланды.

Өлкөдө күнү-түнү уланып жаткан эвакуация жана сел менен күрөшүүдө 23 миң кызматкер иштөөдө.

Бир тараптан селден жапа чеккен аймактарга 134 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Өкмөт бул аймактарда жаңы үйлөрдү кура тургандарын жана кырсыктан жапа чеккендерге компенсация төлөнө баштаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар