Алиев-Блинкен сүйлөшүүсү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

2133014
Алиев-Блинкен сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжан менен Армениянын ортосунда жетишилген келишимди колдогондорун билдирди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматта, Блинкендин Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек араларды аныктоо боюнча жетишилген келишимден улам президент Алиевге куттуктоосун жеткиргени жана мунун АКШ тарабынан колдоого алынганын баса белгилегени айтылды.

Алиев сүйлөшүүдө эки өлкөнүн чек араларды аныктоо комиссиясы жетишкен макулдашуунун диалог жана өз ара түшүнүшүү менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы экенин маалымдады. Чек араны аныктоо иштеринин башталышынын оң кадам болгонун билдиген Алиев, Азербайжандын тынчтыкты сактоодогу чечкиндүүлүгүнө да басым жасады.  

Сүйлөшүүдө ошондой эле эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, адам укуктары, энергетика, климат жана (2024-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясы) COP29 тармагындагы кызматташуу темалары талкууланды.



Тектеш кабарлар