ТКТР БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн миссиясы тууралуу билдирүү жарыялады

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн 60 жылдык миссиясына байланыштуу билдирүү жарыяланды.

2110926
ТКТР БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн миссиясы тууралуу билдирүү жарыялады

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык күчтөрүнүн миссиясы тынчтыкты орнотуу же тараптардын ортосунда мунасага жетишүүнү камсыздоо эмес, статус-квону сактап калуудан ары өтө албай турганын» билдирди.

(ТКТР) Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн 60 жылдык миссиясы менен дүйнөнүн эң узун «Тынчтык күчтөрү» миссиясын аткарганы белгиленип, ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ) 1964-жылдагы 186-номердүү чечимин кабыл алып жатканда «Кипр Республикасынын»  өнөктөшү болгон түрктөрдүн курал менен мамлекеттен чыгарылышын эске албаганы баса белгиленди.

Билдирүүдө 1963-1974-жылдар аралыгында Кипр түрк коомчулугунун БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн аскерлери менен катар эл аралык коомчулуктун көз алдында жок кылынганы белгиленип:«Кипр түрк калкынын 11 жыл бою жапа чеккен зулумдугуна чекит койгон жана бүгүнкү күндө да тынчтыкты сактаган жана коргоп келе жаткан жалгыз тарап, 1974-жылы 1960-жылдагы эл аралык келишимдерден келип чыккан мыйзамдуу укуктарынын алкагында аралга кийлигишкен негизги мекен Түркия Республикасы болуп саналат»,делди.

Билдирүүдө БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн аралда болушунун 60 жылдык мааракесинин кипрлик түрктөр үчүн майрам эмес, тескерисинче, алардын тубаса жана мыйзамдуу укуктарынан ажыратылышынын тарыхый символу экени белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле, «БУУнун Тынчтык күчтөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын макулдугусуз өлкөдөгү жакшы ниет жана меймандостуктун алкагында иш алып барганына көңүл буруп, «БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн мындан ары да мыйзамдуу негизде иш алып барышын камсыз кылуу үчүн демилгелерибиз уланат»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар