Лукашенко Азербайжанда Фузули жана Шушага барды

Лукашенко мурдагы күнү президент Илхам Алиев менен борбор шаар Бакуда ишке ашырган жолугушууларынан кийин кечээ кечинде учак менен Фузулиге барды.

2141068
Лукашенко Азербайжанда  Фузули жана Шушага барды

Беларустун президенти Александр Лукашенко расмий жолугушуулар үчүн барган Азербайжанда  2 - Карабах согушунда армян оккупациясынан бошотулган Физули жана Шуша шаарларына зыярат кылды. 

Лукашенко мурдагы күнү президент Илхам Алиев менен борбор шаар Бакуда ишке ашырган жолугушууларынан кийин кечээ кечинде учак менен Фузулиге барды. Фузули эл аралык аэропортунда Лукашенкону Алиев тосуп алды. 

Физули шаарында Армениянын оккупациясы  учурундагы  кыйратууларды изилдеген Алиев менен Лукашенкого бул жерде  жүргүзүлгөн калыбына келтирүү жана жандандыруу иштери тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Алиев менен Лукашенко Шуша шаарына барып тарыхый эстеликтерди кыдырып курулуш жана кайра калыбына келтирүү иштерин карап чыгышты.

Лукашенко жолугушууларынан кийин  Азербайжандан кетти.

Лукашенкону Физули эл аралык аэропортунан Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов узатты.

 

 

 



Тектеш кабарлар