Азербайжанда 5 баллдык жер титирөө болду

Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө жер титирөөдө  чыгым жана адам өмүрүнө зыян келбегендиги белгиленди.

2091068
Азербайжанда 5 баллдык жер титирөө болду

Азербайжанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Азербайжан сейсмологиялык кызмат борборунун билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 22.05те Саатлы жана Сабирабат провинцияларынын чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөөнүн болгондугу билдирилди.

Билдирүүдө жердин 61 километр тереңдигинде болгон жер титирөөнүн айланадагы облустарда да сезилгендиги маалымдалды.

Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө жер титирөөдө чыгым жана адам өмүрүнө зыян келбегендиги  белгиленди.



Тектеш кабарлар