Азербайжан-Армения мамилелери

«Берлинер» гезитине билдирүү жасаган Хикмет Хажиев, Армения менен карым-катнаштарда кээ бир оң жылыштардын болгондугун белгиледи.

2084515
Азербайжан-Армения мамилелери

Азербайжандын президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев, өлкөсүнүн Армения менен тынчтыкты орнотууну максат кылганын айтты.

«Берлинер» гезитине билдирүү жасаган Хикмет Хажиев, Армения менен карым-катнаштарда кээ бир оң жылыштардын болгондугун белгиледи.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын эки апта мурда болгон оң ​​диалогуна көңүлдөрдү бурган Хажиев, мындан мурда да ийгиликтүү туткун алмашуу иштерин жүргүзүшкөнүн эске салды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн чет элдик ортомчулуксуз өткөнүн белгилеген Хажиев, эки өлкөнүн ортосунда дагы деле Зангезур коридору сыяктуу талаштуу маселелердин бар экенин, бирок Армения менен тынчтыкты орнотууну максат кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар