Эрсин Татар : "Түрк аскеринин болушуна маани беребиз"
Кипр Түрк агенттигинин (ТАК) кабарына караганда, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Лефкошада Айвасыл шейиттерин эскерүү аземи өткөрүлдү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар : "Биз өз мамлекетибиздин чатыры астында Ата мекенибиздин кепилдигине, түрк аскеринин күч катары бул жерде болушуна маани беребиз. Булар биздин кызыл сызыгыбыз",- деди.
Кипр түрк агенттигинин (ТАК) кабарына караганда, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Лефкошада Айвасыл шейиттерин эскерүү аземи өткөрүлдү.
Аземде сөз сүйлөгөн президент Татар Кипр түрк калкынын 1960 - жылдан мурункуга, 1974 - жылдан мурункуга да кайтууну каалбаганын баса белгилеп : "Дүйнө Кипр түрк калкынын эркине сый көрсөтүүсү керек. Биз өз мамлекетибиздин чатыры астында, Ата мекенибиздин кепилдигине, түрк аскеринин күч катары бул жерде болушуна маани беребиз. Булар биздин кызыл сызыгыбыз",- деди.
Татар эки мамлекеттүү саясатка көңүл буруп : "Эки эгемендүү мамлкеттин жанаша кызматташа ала турган чечүүчү моделге гана ыраазы боло алабыз. Бизди Түркиясыз, Ата мекендин кепилдиги болбостон бир окуяга жетелешине ыраазы болбойбуз жана болбошубуз керек",- деди.