Татар: «Түрк аскерлеринин бул жерде болушу- тынчтыктын, бейпилдиктин жана коопсуздуктун кепилдиги»

Түндүк Кипр Түрк Республикасында 21-25-декабрь Улуттук күрөш жана шейиттер жумалыгынын алкагында Левкоша шейиттер эстелигинин алдында эскерүү аземи өткөрүлдү.

2079445
Татар: «Түрк аскерлеринин бул жерде болушу- тынчтыктын, бейпилдиктин жана коопсуздуктун кепилдиги»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Түркиянын кепилдиги, түрк аскерлеринин аралда болушу, тынчтыктын, бейпилдиктин жана коопсуздуктун камсыздандыруусу экенин айтып: «Алар биздин алмаштыргыс кызыл сызыктарыбыз»,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында 21-25-декабрь Улуттук күрөш жана шейиттер жумалыгынын алкагында Левкоша шейиттер эстелигинин алдында эскерүү аземи өткөрүлдү.

Эскерүү атайын китебине кол койгон президент Татар, китепте жазган билдирүүсүндө шейиттерди эскерип, Кипр түрктөрүнө кол салуулардан бери 60 жыл өткөнүн белгиледи.

«Эркин жашоо, тынчтык жана коопсуздукта өзүн башкаруу чечкиндүүлүгү менен төгүлгөн канды жана курмандыктарды унутуу мүмкүн эмес»,-деп айткан Татар: «Бүгүн жеткен чекитте биздин эң чоң тилегибиз - өткөн азаптар кайра кайталанбасын»,-деди.

Татар, аземден кийин Левкошадагы «Ататүрк» маданият борборунда өткөрүлгөн эскерүү программасында сөз сүйлөп, Түндүк Кипр Түрк Республикасына жолдун 1974-жылдын 20-июлундагы Тынчтык операциясынан кийин ачылганын, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын «эгемендик теңдиги» жана «эл аралык тең укуктуулук статуска» ээ болгону тастыкталбастан сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде көз карандысыз түрк мамлекети катары ТКТРдин чоң баалуулук экенин, анын баалуулугу менен маанисин билүүсү керектигин, эгемендигине эч качан шек келтирилбеши керектигин баса белгилеген Татар: «Түркиянын кепилдиги жана түрк аскерлеринин бул жерде болушу, албетте, тынчтыктын, бейпилдиктин жана коопсуздуктун камсыздандыруусу жана кепилдиги. Бул биздин алмаштырылгыс кызыл сызыктар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар