Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов Ооганстанга барды

Сапардын алкагында Мередов Талибан башкаруусунун тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки менен жолугушту.

2077939
Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов Ооганстанга барды

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов иш сапары менен барган Ооганстанда Талибан башкаруусунун тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки менен жолугушту.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Мередов жетектеген делегация Ооганстандын Герат облусуна иш сапары менен барды.

Сапардын алкагында Мередов Талибан башкаруусунун тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки менен жолугушту.

Министрлер Мередов жана Муттаки менен аларды коштогон делегация, түркмөн жана афган компанияларынын кызматташтыгында ишке ашырылып жаткан энергетика жана транспорт долбоорлорун карап чыгышты.

Түркмөн делегациясы Талибан администрациясынын кен жана мунай министринин орун басары Шахабуддин Дилавер, ошондой эле өнөр жай жана соода министринин орун басары Нуреддин Азизи менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну камтыган түрдүү маселелер талкууланды.

Тараптар Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия жаратылыш газ кууру долбоорунун учурдагы абалын, Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан жогорку чыңалуудагы электр линиясынын долбоорун жана Ооганстандын темир жол инфраструктурасынын кеңейтилишин сүйлөшүштү.



Тектеш кабарлар