Йылмаз: «ТКТРнын таанылышы жана эл аралык коомчулукта татыктуу ордуна жетиши эң чоң тилегим»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 40 жылдыгына жана 15-ноябрь Республика майрамына катышуу үчүн Левкошага барган Йылмаз, ТКТРдин президенти Эрсин Татар менен президенттик кеңсесинде жолугушту.

2065047
Йылмаз: «ТКТРнын таанылышы жана эл аралык коомчулукта татыктуу ордуна жетиши эң чоң тилегим»

Вице-президент Жевдет Йылмаз эң чоң тилегинин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) таанылышы жана эл аралык коомчулукта татыктуу ордуна жетиши экенин айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 40 жылдыгына жана 15-ноябрь Республика майрамына катышуу үчүн Левкошага барган Йылмаз, ТКТРдин президенти Эрсин Татар менен президенттик кеңсесинде жолугушту.

Йылмаз жекеме-жеке жолугушуудан мурда жасаган билдирүүсүндө ТКТРдин 40 жылдыгына карата Кипр түрк калкынын жумуриятка болгон шыктануусун чын жүрөктөн тең бөлүшөрүн жана Кипр маселесин улуттук доо катары карап, маани бергендерин жана бул жаатта болуп жаткан окуяларга жакындан көз салып жатышканын белгиледи.

Вице-президент Йылмаз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар тарабынан ортого коюлган эгемен теңдик жана тең эл аралык статуска ээ эки мамлекеттүү көз карашын катуу колдогондорун айтты.

Сапар учурунда сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар да Түндүк Кипр Түрк Республикасынын азыр эки мамлекеттүү чечим көз карашы менен жолун улантып жатканын түшүндүрүп, Кипр түрк калкынын тең эгемендүүлүгүн жана тең эл аралык статусун кабыл алуунун чечүүчү жол үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Татар өз сөзүндө Кипрде эки башка эл жана демократиянын бар экенин белгилеп: «Эгемендүүлүктүн бузулушуна жол бербейбиз, мунун башка жерлерге алып барылышына эч качан макул болбойбуз. Биз Түркия менен ынтымакта жолубузду улантабыз»,-деди.

Андан соң Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Республикалык Ассамблеясына барган Жевдет Йылмаз Ардак залында парламент төрагасы Төре менен жолугушту.

Йылмаз Республика ассамблеясынан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Үнал Үстел менен жолугушту.



Тектеш кабарлар