Алиевдин 29-Октябрга карата куттуктоосу

Илхам Алиев Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына карата жазуу түрүндөгү кайрылуусун жарыялады.

2057374
Алиевдин 29-Октябрга карата  куттуктоосу

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркия Республикасынын 100 жылдыгын белгилеп: «Биздин бир туугандыгыбыз жана тилектештигибиз коопсуздуктун жана туруктуулуктун маанилүү элементи, аймактык кызматташтыктын таянычы жана негизги шарты»,-деди.

Илхам Алиев Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына карата жазуу түрүндөгү кайрылуусун жарыялады.

Алиев билдирүүсүндө Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 20-кылымдын эң маанилүү тарыхый окуяларынын бири болгонун баса белгилеп:«Бир тууган Түркия Азербайжан үчүн, ошондой эле бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө сыймык жана сыймыктануу булагы»,- деди.

Алиев Түркиянын күндөн-күнгө күчтөнүп, ылдам өнүгүп, эл аралык дүйнөдө өз сөзүнө ээ болгон күчтүү өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.

Бир тууган Түркиянын түрк дүйнөсүнүн биригүүсүндө өзгөчө роль ойноорун баса белгилеген Азербайжандын президенти:«Президент Режеп Таййип Эрдогандын түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана ынтымагын чыңдоодо маанилүү кызматтары бар»,-деди.

Алиев:«Азербайжан өз жерлерин армян баскынчылыгынан бошотуу жана территориалдык бүтүндүгүн кайрадан калыбына келтирүү үчүн жүргүзгөн 44 күндүк Ата Мекендик согуштун алгачкы сааттарынан акыркы мүнөттөрүнө чейин биз менен бирге болгон Түркия элинин, өзгөчө президент Эрдогандын чечкиндүү мамилеси жана ар тараптуу саясий жана моралдык колдоосу бир туугандыктын чыныгы үлгүсү болуп саналат. Бул дагы Азербайжан менен Түркиянын тилектештигин бүт дүйнөгө дагы бир жолу көрсөттү. Биз бул колдоону эч качан унутпайбыз»,-деп айтты.

Азербайжандын президенти:«Биздин бир туугандыгыбыз жана тилектештигибиз коопсуздуктун жана туруктуулуктун маанилүү элементи, аймактык кызматташтыктын таянычы жана негизги шарты болуп саналат. Учурда региондо бир дагы демилге биздин мамлекеттердин кызыкчылыгын эске албастан ишке ашпайт»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар