Армения тараптан ок атылып бир аскер шейит болду

Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлигинен маалымат берилди.

2044530
Армения тараптан ок атылып бир аскер шейит болду

Армениядан снайпердик курал менен атылган октун натыйжасында азербайжандык бир аскер шейит болду.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Армения армиясынын позицияларынан Басаргечер облусунун Зеркенд айылы багытынан Азербайжан армиясынын Келбежер облусунун Ашагы Айрым айылы багытындагы турумдарына каршы кечээ түштө снайпердик курал менен аткыланганы билдирилди.

Билдирүүдө ок тийишинин кесепетинен Вүсал Оруков аттуу аскердин шейит болгону белгиленди.

Билдирүүдө Азербайжан армиясынын жооп кайтарганы жана шейит жоокердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтканы белгиленди.



Тектеш кабарлар