Азербайжанда шейиттер эскерилди

Азербайжанда Армениянын оккупациясы астындагы жерлерди бошотуу үчүн  2020 -  жылы 27 -  сентябрда  баштатылган  44  күндүк согуштун үчүнчү жылында шейиттер эскерилди.

2043023
Азербайжанда шейиттер эскерилди

Азербайжанда Армениянын оккупациясы астындагы жерлерди бошотуу үчүн  2020 -  жылы 27 -  сентябрда  баштатылган  44  күндүк согуштун үчүнчү жылында шейиттер эскерилди. 

"Шейиттерди эскерүү күнүнөн" улам Азербайжанда түрдүү иш  -  чаралар уюштурулду. Азербайжандыктар шейиттиктерге барышты. 

Борбор шаар Бакуда  2 - Фахри Хиябан шейиттигине барган шейиттердин жакындары жана жарандар ал жердеги мүрзөлөргө гүл таштап, дуба кылышты. Зыяратчылар кээде көз жашын тыя алган жок. 

Коргоо министри, армиянын генералы Закир Хасанов да командирлик делегациясы менен шейиттикке барды. Шейиттикте Хасанов да катышкан иш  - чарада  Азербайжан улуттук гимни аткарылды. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө  шейиттер үчүн бир минуталык эскерүү болду. Бир минуталык эскерүүдө Каспий деңизинин жээгиндеги кемелер менен метро поездери жана автобустар сигналдарын басышты. 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана жубайы Михрибан Алиева Бакуда курулуп жаткан Жеңиш паркын барып көрүштү. 

Алиев жана жубайы парктын кире беришине шейиттердин элесине гүл чамбар койду. 

Экинчи Карабах согушунда  2908  Азербайжан аскери шейит болгон. Согуш башталган 27 -  сентябрь "Шейиттерди эскерүү күнү" деп жарыяланган. 

 

 



Тектеш кабарлар