Татар:«Өз эркибиз менен түптөгөн мамлекетибиз таанылышы керек»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Татар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы ассамблеясына катышкан Нью-Йоркто Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары менен жолугушту.

2041859
Татар:«Өз эркибиз менен түптөгөн мамлекетибиз таанылышы керек»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар таңууланган чечимди эч качан кабыл албай тургандарын белгилеп: «Өз эркибиз менен түптөгөн мамлекетибиз таанылышы керек»,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Татар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы ассамблеясына катышкан Нью-Йоркто Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары менен жолугушту.

Татар бул жерде сүйлөгөн сөзүндө тышта жашаган кипрдик түрктөрдүн биримдик жана ынтымакта экенин, эч качан мекенинен ажырабаганын белгиледи.

Келечек муундардын Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен болгон карым-катнаштарын улантуусунун маанисине көңүл бурган Татар Түркия Республикасынын колдоосунун маанилүү экенин баса белгиледи.

Татар, президент Режеп Таййип Эрдогандын БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кипр Түрктөрүнө карата адилетсиздиктердин токтотулушу, зулумдук эмбарго жана изоляциялардын жоюлушу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын көз карандысыздыгынын кабыл алынышы жана таанылышы керектигин айтканын билдирип: «Бул колдоо бүткүл дүйнө жүзү боюнча биздин адилеттүү ишибиздин жарыяланышы жана кабыл алынышы жагынан маанилүү»,-деди.

Эрсин Татар, Кипр түрк элинин адилеттүү күрөшүнүн дүйнөдө өз ордун табуусу үчүн Кипрдеги дискриминациядан баш тартуу керектигин белгиледи.

«Өз эркибиз менен түптөгөн мамлекетибиз таанылышы керек», - деп айткан Татар мындай кызматташтыктын натыйжасында бүтүндөй аймактын ырааттуулуктан пайда ала турганын айтты.

Татар Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш менен жолугушуусунда Кипр Түрк тарабынын позициясын түшүндүргөнүн жана таңууланган чечимди эч качан кабыл албай тургандарын айтты.

Эрктүү жолугушуудан кийин гана келишим түзүлө турганын баса белгилеген Татар: «Келечекте келишим боло турган болсо, ал келишимдин бир тарабы Түндүк Кипр Түрк Республикасы болот»,-деп кесе айтты.



Тектеш кабарлар