ТКТРнын президенти Татар «эки мамлекеттүү чечим жана эгемендик принцибине» басым жасады

Татар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясынын жолугушууларынын алкагында Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен жолугушуусунан кийин басма сөзгө маалымат берди.

2041368
ТКТРнын президенти Татар «эки мамлекеттүү чечим жана эгемендик принцибине» басым жасады

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар аралдагы жаңы процесстин «эки тарап тең кабыл ала турган деңгээлде гана улана турганын» жана «эгемендик принцибинен тайбай турганын» айтты.

Татар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясынын жолугушууларынын алкагында Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен жолугушуусунан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Татар баш катчыга «аралдагы тараптардын кайра жаралуучу энергия булактары, Евробиримдикке бирдей мүмкүнчүлүк, тартипсиз миграция жана миналарды тазалоо сыяктуу маселелерде биргелешкен иштерди жүргүзүү үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тең эки мамлекеттүү түзүлүш жана эгемендик талаптары эске алынышы керек» деген талаптарын жеткиргенин билдирди.

Татар рум тараптын блокадасынан улам Эржан аэропортуна дагы эле түз каттам жок экенин эске салды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын максатынын «тынчтык жана бейпилдик ичинде жашоо» экенин белгилеген президент Татар: «Түрк элинин аралда румдар сыяктуу жашоого укугу бар. 60 жылдан бери Кипр түрк калкы чоң адилетсиздиктерге дуушар болду»,-деп айтты.

Татар, 78-Башкы Ассамблеядагы сөзүндө Кипр Түрктөрүнүн эгемендүүлүгүн коргогон Түркиянын президенти Эрдоганга ыраазычылыгын билдирип: «Түркия Республикасынын аракети менен адилет күрөшүбүздү аягына чейин улантууга аракет кылабыз»,-деп айтты.

Румдардын түрк калкын ассимиляциялап, Кипрди толугу менен грек аралына айлантууга аракет кылып жатканын белгилеген Эрсин Татар, БУУдагы жолугушууларда Рум тарабы жараткан изоляцияны жеңе алгандарын жана Түркиянын аракети менен үнүн угуза алышкандарын белгиледи.

Эрсин Татар: «Буга чейин Женевадагы жолугушууда айткандай Башкы катчыга биз эки тарап тең кабыл ала турган суверенитет жана теңдик шарттарын кабыл албай туруп, сүйлөшүү процессине кирбей турганыбызды кайталадык»,-деди.



Тектеш кабарлар