Азербайжанда ФЕТӨ менен байланышы бар адамдарга операция жүргүзүлдү

Бул тууралуу Азербайжандын Ички иштер министрлигинен маалымат берилди.

2015191
Азербайжанда ФЕТӨ менен байланышы бар адамдарга операция жүргүзүлдү

Азербайжанда ФЕТӨ уюмуна байланышы бар адамдарга карата жүргүзүлгөн операцияда бири саясий партия лидери болгон алты киши кармалды.

Азербайжандын Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка ылайык өлкөдө ФЕТӨ уюму менен байланышы бар адамдарга карата операция жүргүзүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө операцияда 5 кишинин кармалганы, алардын бирөөсүнүн Азербайжан Демократия жана жыргалчылык партиясынын негиздөөчү төрагасы Губад Ибадоглу менен байланышы болгондугу тууралуу көрсөтмө бергени белгиленди.

Билдирүүгө ылайык, Ибадоглунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, билдирүүдө маанилүү документтердин табылганы, Ибадоглунун да камоого алынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар